Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Чакан ГЭСтерди куруу үчүн күбөлүктөр берилди


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги 15-ноябрда чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берди.

Мекемеден кабарлашкандай, ишканалар жалпысынан 639,5 мВт кубаттуулук бере турган станцияларды курат.

Күбөлүктөрдү берүү иш-чарасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин куруп баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планда бар экенин айтты.

Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, анан Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% бир аз көбүн өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG