Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Меркел менен Лукашенко миграциялык кризисти талкуулады


Чек арадагы поляк аскерлери.
Чек арадагы поляк аскерлери.

Германиянын кызматтан кетип жаткан канцлери Ангела Меркел 15-ноябрда Александр Лукашенко менен телефондон сүйлөшкөнүн Reuters агенттиги жазды. Саясатчылар Беларус-Польша чек арасындагы миграциялык кризисти жана качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаганы кабарланды.

Бул Меркел менен Лукашенконун Беларуста 2020-жылдын августунда өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийинки алгачкы сүйлөшүүлөрү.

Беларус-Польша чек арасындагы абалды Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Орусиянын президенти Владимир Путин да телефондон талкуулады. Алар кризисти жөнгө салуу зарыл экенин белгилеп, бирок аны чечүү боюнча бир пикирге келе алган жок.

Соңку бир нече айдан бери Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан агылган мигранттар Беларус аркылуу Еврошаркеттин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литванын аймагына өтүүгө аракеттенүүдө.

Евробиримдиктин лидерлери расмий Минскини “гибриддик согуш” тактикасы үчүн айыптап жатат. Польша чек арадагы кризиске Москванын да тиешеси бар деп эсептейт. Владимир Путин айыптоолорду четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG