Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Эл добуш берүүнүн жаңы эрежесин билеби?


БШКнын видеосунан алынган скриншот.
БШКнын видеосунан алынган скриншот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алгачкы жолу аралаш система менен өткөрүлө турган болууда. Ага ылайык добуш берүүнүн эрежеси да өзгөрдү. Аны коомчулукка түшүндүрүү кандай жүрүп жатат?

Коомчулукта маалымат жетишсиз болуп жатат

"Азаттык" радиосу "Туура добуш берүүнү түшүндүңүзбү?" деген суроо менен Бишкектин айрым тургундарына микрофон сунду.

“Шайлоо чейин дагы түшүнөбүз да. Кагазда көрүнүп турат, акылы жеткендин баары эле билсе керек".

“Мен билбейм, үйдө балдар түшүндүрүп жатат. Бир мандаттуу деген бар экен, анан көп мандаттуу деп дагы жатышат”.

“Эки бюллетенден бир мандаттуу жана партияны тандайбыз. Партиянын ичинен кайра бир талапкерди тандайбыз. Мен муну жогорку окуу жайдан, маалымат каражаттарынан уктум. Бардык жактан эле айтып жатат”.

“Мен чынын айтсам, түшүнгөн жокмун. Түшүнүксүз эле болуп жатат. Интернетте, теле-радиодо деле роликтер аз”.

“Коомчулукта туура добуш бергенди билгендер аз болуп жатат. Менин оюмча интернетте көбүрөөк маалымат берилиши керек. Азыр элдин баары социалдык тармактарда отурат. Ошол жактан берсе туура болот”.

Сурамжылоого катышкан шаар тургундарынын толук пикирин төмөндөгү видеодон көрүңүз.

Добуш берүү жобосун билесизби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Коомчулукта добуш берүүнүн эрежеси боюнча маалымат бир кылка эмес. Жарандык активист Али Шабдан Боршайкомдун бюллетендерди туура толтуруу жөнүндө маалыматтарын жетишсиз деп эсептейт. Активист мурдагыларга салыштырмалуу добуш берүү бир аз татаал болгондуктан, түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөсө, жараксыз бюллетендер көп болушу ыктымалдыгын белгилейт.

“Быйыл кыйыныраак болот. Карапайым эл, жакшы окуй албаган карыялар кыйналып калышы мүмкүн. Мындан улам жараксыз бюллетендер көп болуп калуу тобокелчилиги бар. Шайлоо жакындап калды, жөнөкөй тил менен жасалган роликтерди тынбай жарыялаш керек. Бул БШКнын иши. Азыр түшүндүрүү иштери солгун жүрүп жатат. Айрым партиялар, талапкерлер элди кыдырган учурда оозеки түшүндүрүп жүргөнүн көрүп жатам”.


Активист социалдык тармактарда белгилүү адамдар аркылуу жана шайлоо күнү жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө натыйжалуу болмок деген оюн кошумчалады.

БШК түшүндүрүүнү күчөтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы туура добуш берүүнүн эрежесин түшүндүргөн видеолорду мамлекеттик телеканалдардан жана социалдык тармактардан эки тилде жарыялап жатат.

БШКнын айрым мүчөлөрү элге түшүндүү иштери жакшы болбой жатканын моюнга алышат. Анын бири - Акбалык Жумалиева.

Акбалык Жумалиева.
Акбалык Жумалиева.

“Биз жалпысынан түшүндүрүү жетиштүү эле болуп жатат деп ойлойбуз. Бирок, теле-радиолорго барган учурда элден ушул суроолор көп болуп жатат. Бир канча ролик даярдалып, мамлекеттик телеканалдардан берилип жатат. Андан сырткары өзүбүз телеканалдарга барганда тынбай айтып жатабыз. Бирок, телеканалдарды көргөндөр аз окшойт. Бир аз жетишсиз болуп жаткандай. Роликтерди тартып, блогерлер аркылуу берүүнү сунуштагам. Бүгүнкү жыйында дагы сунуштап көрөм”, - деди Жумалиева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып, быйылкы добуш берүүнүн эрежесин кыскача түшүндүрүп берели.

Сизге бул жолу эки бюллетень берилет. Анын биринде – партиялык тизме менен бараткан талапкерлерди, дагы биринде - сиз жашаган аймактагы бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлерди тандашыңыз керек. Ал бюллетендерди эки башка үкөккө саласыз.

Партиялык системанын бюллетени

Партиялык системада - биринчи саясий партияны тандап, анын ичинен талапкердин номурун белгилешиңиз керек. Эгерде партияны гана тандап, талапкерге белги коюлбаса, ал бюллетень жарактуу деп табылат. Тескерисинче, талапкерди гана тандап, партияга белги коюлбай калса, ал добуш саналбайт. Ошондой эле, бир партиядан бир гана талапкерди тандап, анын номуруна белги коюшуңуз керек. Бюллетенде партиянын аты жазылып, талапкерлердин номуру гана берилет.

Бир мандаттуу системанын бюллетени

Ал эми экинчи бюллетенде сиз катталган аймактан жарышып жаткан талапкерлердин аты-жөнү жазылат. Маселен, Талас округунан беш талапкер ат салышып жатса, анын бирөөсүн гана тандайсыз. Эгерде бир нече талапкерге белги коюлуп же эч бир талапкер тандалбай калган учурда, ал бюллетень жараксыз болуп калат. Баса, бюллетендерде мурдагыдай эле "баарына каршы" деген тандоо бар.

15-ноябрдагы расмий маалыматка ылайык, бир мандаттуу округдан 298 талапкер жарышка чыкты. Ал эми 21 партиядан 54төн талапкер ат салышып жатат. 28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG