Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт


Өзбекстан менен Казакстандын аскерлери.
Өзбекстан менен Казакстандын аскерлери.

17-24-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Термез полигонунун аймагында казак жана өзбек аскерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскердик машыгуунун максаты - биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү.

Казак тараптан машыгууга 100дөн ашуун аскер кызматкери катышат. С-295 аскердик-транспорттук учактары, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.

Буга чейин Казакстандын Жамбыл облусундагы “Матибулак” полигонунда өзбек аскерлеринин катышуусу менен “Щит-2021” машыгуусу өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG