Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Садыр Жапаров: Добуш сатып алуу - коррупциядан да кооптуу көрүнүш, ага каршы эң чечкиндүү чара көрүлөт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Шайлоодо мыйзам бузууга жол бербөө үчүн бийлик эң чечкиндүү чараларга барат. Бул тууралуу бүгүн 16-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Президент шайлоочуларды алдоо жемкорлуктан да коркунучтуу көрүнүш экенин белгиледи:

“Шайлоодогу алдоо жолу менен добуш сатып алуу да коррупциялык көрүнүш. Керек болсо, андан да коркунучтуу көрүнүш. Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бакытсыздыкка гана түртөт. Удаа-удаа революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары Кыргызстандын ар бир жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз. Мен дагы, Министрлер кабинети жана күч органдары да мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү чараларды көрөбүз деп элибизди ишендирип кетким келет”.

28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйыны резолюция менен жыйынтыкталып, өлкөнүн коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу, жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу жана Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынды.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG