Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Равшан Жээнбековдун тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты 


Равшан Жээнбеков БШКга алып келинген учуру. 2021-жылдын 12-октябры.
Равшан Жээнбеков БШКга алып келинген учуру. 2021-жылдын 12-октябры.

Бүгүн, 16-ноябрда абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековдун тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, Жээнбековдун укугу бузулуп жатканын айтышты.

"Жээнбековдун укугу өтө чектелип жатат. Маалымат каражаттарга чыгып, шайлоочулар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү чектелүүдө. Бул БШК жана соттор тарабынан мыйзамдын одоно бузулушу болуп эсептелет", - деди саясатчынын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева.

15-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Равшан Жээнбековдун өкүлү жана адвокатынын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Алар Боршайкомдон Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн берүүнү жана теледебаттарга кайтаруу кызматы менен катышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү суранган. БШК 15-ноябрдагы отурумунда экөөнү тең четке каккан.

БШК талапкер кылып каттаган Жээнбековдун богөт чарасын Биринчи май райондук соту 3-ноябрда карап, аны абакта калтырган. Адвокаттар шаардык сотко кайрылышкан.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди Кой-Таш айылында кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес. Алдыдагы парламенттик шайлоого Бишкектеги №16 Ленин округунан талапкер болуп катталган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG