Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Жыл башынан бери өрттөн 31 киши каза болду


Бишкекте кийим тигүүчү цех, эмерек жасаган цех жана желим иштеткен завод жайгашкан имаратта өрт чыккан. 7-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкекте кийим тигүүчү цех, эмерек жасаган цех жана желим иштеткен завод жайгашкан имаратта өрт чыккан. 7-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстанда жыл башынан тартып 2531 өрт кырсыгы катталып, 31 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Тилсиз жоодо 43 адам ар кандай жараат алган.

Өткөн жылы бир жылда 2100дөн ашуун өрт кырсыгы катталып, 18 адам каза болгон, 28 киши жараат алган.

Акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Соңку учурда өлкө аймагында өрт көп катталууда. ӨКМ буга үйлөрдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды этияттыкка чакырууда.

Кыргызстанда 3-4-ноябрда кар жаап, күн сууктаганына байланыштуу меш, жылыткыч колдонгондор көбөйдү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG