Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Украинада вакцинанын эки дозасын алгандарга акча төлөнөт


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинада вакцинанын эки дозасын алган жарандарга мамлекет миң гривнядан (3200 сом) төлөп берет. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Зеленский өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

"Программа мындайча иштейт: эки жолу вакцина алгандарга миң гривнядан төлөнөт. Ал "Дия" деген тиркеме аркылуу тез жана ыңгайлуу ишке ашат. Ал акчага спортзалга же фитнес-клубга абонемент алса болот, кинотеатрга, театрга, музейге же концертке барса болот. Же өлкөнүн ичинде саякаттоого билет сатып алса болот", - деди Зеленский.

Акча 19-декабрдан тарта бериле баштайт. 2022-жылы буга Украинанын бюджетинен 228 миллион доллар бөлүнөт. Мындай программа бир нече ай иштейт. Акчаны "Дия" тиркемеси жоктор деле ала алат.

Учурда Украина пандемиянын күзгү толкуну менен катуу күрөшүп жаткан чагы. Көптөгөн аймактар, анын ичинде Киев да кызыл зонага кирген жана эмделгендигин тастыктаган QR коду барлар гана коомдук транспорт менен жүрө алышат. Акыркы маалыматка ылайык Украинада калктын үчтөн бири гана эмделген.

Ноябрдын башында Киевдин тургундары милдеттүү түрдө эмделүүгө каршы нааразылык акциясына чыгып, Жогорку Рададан пандемияга байланышкан чектөөлөрдү алып салууну талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG