Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Башкы прокуратура: Миллиондогон акчага жараксыз вакцина сатылып алынган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бюджеттен миллиондогон акчага жараксыз вакцина сатып алуу боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу 16-ноябрда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди:

“2020-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары жеке компаниядан сасык тумоого каршы техникалык көрсөткүчтөргө жооп бербеген вакцинадан 135 миллион сомго 550 миң доза жана пневмококк бактериясына каршы кереги жок вакцинадан 44 миллион сомго 20 миң доза сатып алуусу боюнча кылмыш иштери тергелүүдө".

Зулушев мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдуулуктун сакталышы актуалдуу көйгөй бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, сатып алууларды туура эмес пландаштырып, сатып алуучу уюм менен катышуучунун ортосундагы мыйзамсыз макулдашуулардан улам бюджеттик каражаттар "кылмыштык кол салуулардын объектиси" болуп келүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги башкы прокурордун бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш быйыл жайында түзүлгөн. Анын биринчи отурумунун жыйынтыгында жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегия иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG