Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Башкы прокуратура: УКМК жана мэрия кызматкерлери Бишкекте жерлерди ээлеп алышкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери борбор калаада жер тилкелерин ээлеп алышкан. Бул тууралуу 16-ноябрда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Зулушевдин айтымында, жер маселелери, шаар куруу, архитектура, уруксат берүү тутуму боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө прокуратура органдары мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары мыйзам бузганы аныкталган:

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын ичинде жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алышкан. Бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, жыйынтыгында сот өкүмүнүн негизинде тийиштүү жазасын алышты”.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш быйыл жайында түзүлгөн. Анын биринчи отурумунун жыйынтыгында жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегия иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG