Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

УКМК Бекешев үгүт ишине окуучуларды пайдаланганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо штабы үгүт ишине окуучуларды пайдаланганы аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат бул окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган "Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу", шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүүдө.

"Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, үгүтчүлөргө финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган. Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн", - деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.

Аталган кызмат 2021-жылдын 15-ноябрында талапкер Д.Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн УКМК органдарына келгенин, иштин жагдайын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч саттан ашык сурак берип чыккан. Ал шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу сурак бергенин жана үгүт иштерине катышкан балдардын арасында жашы жете электер да бар экенин, алар тууралуу билбегенин айткан.

Дастан Бекешев Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG