Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Депутат Бекешев үгүт үчүн сурак берди


Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Парламент депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч сааттан ашык сурак берип чыкты.

Атайын кызмат депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев үгүт ишине жашы жете элек балдарды тартып, аларга шайлоо фондунан тышкары каражат менен эмгек акы төлөп бергени тастыкталганын айтууда. Ал тапта бийликти сындап келген депутаттыкка талапкердин үгүт маалындагы суракка алынышын басым катары сыпаттагандар да чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектеги Октябрь округу боюнча депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевди Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Шайлоо мыйзамдарын бузууга айыптап жатат.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Бекешев үгүт ишине жашы жете элек балдарды тартканы жана аларга шайлоо фондунан тышкары каражат менен эмгек акы төлөп бергени айтылат.

"Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөнү аныкталган. Мындан тышкары, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн", - деди УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов.

Атайын кызмат аталган факт боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатканын, иштин материалдарынын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 15-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында үч сааттан ашык сурак берип чыкты.

Бекешев сурактан чыккандан кийин анын жана үгүт ишине катышты делген жашы жете элек балдардын сурактагы видеосу социалдык тармакка белгисиз аккаунттардан таратылды.

Дастан Бекешев атайын кызматтын аракетин административдик ресурсту ага каршы колдонуу катары баалап жатат.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Бул толук административдик ресурс. Себеби УКМК мен сурактан чыккандан бир саат өткөндөн кийин видеону монтаж кылып жарыялашты. Бул атайын мени жаман көрсөтүү үчүн жасалган иш деп эсептейм. УКМК балдарга шайлоо фондунан эмес, башка акчадан берди деп жатат. Менде башка акча жок болсо кантип берем?".

Депутаттыкка талапкердин айтуусунда балдар кармалды деген кабарды угуп, атайын кызматтын имаратына өзү барган. Ал үгүт ишине катышты делген жашы 18ге толо элек балдар тууралуу буларды айтты.

"Ал балдар мага келишкен экен. Кээ бири менен сүйлөшүп, жашыңар жетпейт, үгүт ишин жүргүзгөнгө келишим түзө албайм дегем. Өздөрү суракта "Дастан Бекешов жашыңар жетпейт" деп айткан деп жатат. Кийин достору менен келгенби же досторуна жардам берип жүргөнбү билбейм. Мен баарын көзөмөлдөй албайм да. Ал балдар менен кечээ УКМКнын имаратында тааныштым. Алар "үгүт эмес, сурамжылоого катышканбыз" деп жатат. Балдардын бирөө досуна жардам берип жүргөнүн айтууда", - деди Дастан Бекешев.

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурундагы маселелер 16-ноябрда өткөн президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында дагы көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров шайлоодо мыйзам бузууга жол бербөө үчүн бийлик эң чечкиндүү чараларга бара турганына дагы бир жолу убада берди.

"Бир талапкер жашы жете элек, мектептин балдарын колдонуп суракка барып жатат. Ошол талапкер мыйзамдуулук, коррупциянын жок болушун булбулдай сайрайт. Бирок өзү ошого барып жатат. Мына ушундай дагы адамдар жок эмес. Эгер өзүң сындаганды билсең, сынга алынбагандай иште да".

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийликти сындаган депутаттардын бири. Ал 7-сентябрда Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын биринин Садыр Жапаровдун баласы Рустам менен байланышы барын айтып чыккан.

Депутаттын мындай айыптоосуна президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "мамлекет башчысы өзүнүн жакын туугандарынын саясий жараяндарга аралашуусуна жол бербейт" деп жооп берген.

Бекешев Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы отурумунда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди "Коррупция" беренеси боюнча соттолуп, 2 млрд. сом төлөп берген бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен бир тойдо болгонун да сынга алган.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов менен бир столдо отурбаганын айтып, Дастан Бекешевди "бийликтен кемчилик гана издейт" деп сындаган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бийликти сындаган талапкерге бут тосуу болуп жатат деген пикирде.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

"Бул ишке УКМКнын аралашып жатканы саясий кысым, басым, административдик ресурсту колдонуу. БШК УКМКнын ишине баа бериш керек. Атайын кызмат кийлигишип жатканы айдан ачык болуп турат. Азыр кимдин рейтинги кандай болуп жатканы белгилүү. Балким анын атаандаштары ушул ишке барышты. Буга чейин эле Бекешев ар кандай бут тосуу болуп жатканын айтып, жазып жаткан".

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бийлик бул жолу шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартылат деп убада берип, "шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырып келет.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Президенттин жарлыгы чыккандан бери үгүт ишине аралашкан бир канча мамлекеттик кызматкер иштен алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дастан Бекешев боюнча Улуттук коопсуздук комитетинен материалдар келип түшө электигин билдирди. Боршайком буга чейин Бекешевге үгүт өнөктүгүн мөөнөтүнөн мурда баштаган деп эскертүү берген.

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматовдун айтуусунда, талапкер эки эскертүү алгандан кийин мыйзам бузуу катталса, Боршайком мыйзам бузуунун деңгээлине жараша талапкерди четтетүү маселесин карайт.

Кайрат Маматов
Кайрат Маматов

"Мынча мыйзам бузуу болсо шайлоодон четтетилет деген чек коюлган эмес. Бирок экиден ашык мыйзам бузуу болсо, иштин оордугуна карап Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерди шайлоодон четтетүүгө укугу бар. Азыркы учурда УКМКдан Бекешев боюнча материалдар түшө элек".

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 15-ноябрга чейин жалпы 80 арыз келип түшкөн. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 28, үгүт өнөктүгүнүн шарттарын бузуу боюнча 26, админстравтивдик ресурс боюнча 15 арыз түшкөн.

Кылмыш-жоруктардын бирдиктүү реестрине 23 арыз катталган. Эки иш сотко жөнөтүлсө, тергөөдө алты иш бар. 15 арыз кылмыштын курамы табылбагандыгына байланыштуу кыскартылса, бир иш кароодо.

Жалпы сегиз талапкерге үгүт өнөктүгүнүн шарттарын бузганы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилген.

Төрт талапкерге жана беш жаранга 7500 сомдон айып пул салынган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG