Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Ош: токмоктолгон үгүтчү, төрт талапкердин дооматы


Алай району.
Алай району.

Ош облусуна караштуу Алай шайлоо округундагы беш талапкердин төртөө атаандашы Улан Пиримовдун үстүнөн даттанды. Ноокат шайлоо окуругунун талапкери Бакытбек Мариповдун үгүтчүсү Мелисбек Төлөнбай уулу ур-токмокко кабылганын айтып чыкты.

15-ноябрга чейин Ош облусунда үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузууга байланыштуу 34 арыз катталып, алардын бирөө сотко өткөрүлүп, 18 иш тергөөдө. Калгандары далил жоктугунан улам кыскарган.

Беш талапкердин төртөө атаандашын айыптады

15-ноябрда бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңешке аттанган беш талапкердин төртөө: Замирбек Божонов, Дайырбек Орунбеков, Бакытбек Саипов жана Улукмырза Тоотаев президентке жана укук коргоо органдарына видео кайрылуу жолдоду.

Талапкерлер атаандашы Улан Примовду добуш сатып алууга айыптап, анын аракеттери тыкыр текшерилүүсүн талап кылган. Алар Примовдун үй бүлөсүнө таандык телеканалдын кызматкерлеринин каралоосуна дуушар болгонун, талапкер арзан көмүр түшүрүп, жылкы союп жатканын айтып чыгышты.

Кайрылгандардын бири Замирбек Божонов Примовдун үй бүлөсүнө таандык "Ош Пирим" телеканалынын кызматкелери "атайын каралады" дейт.

"Менин үстүмөн өзүнүн "Ош Пирим" телеканалынын журналисттери, атайын аларды жалдаганбы айтор, жалган каралоо, тастыкталбаган маалыматтар менен бүт шайлоочуларга мени жаман көрсөттү. Ошонун айынан БШКга ачык кайрылуу кат жаздым. Андан сырткары ар кайсы айылдарда арзандатылган көмүр таратылып жатат".

Примовдун штабынын атын атагысы келбеген кызматкери төрт талапкердин айткандарын дилилсиз, куру доомат дейт.

"Булар айтып жаткан маалыматтардын биринин да фактысы жок. Эгер аларда далил болгондо, төртөө катар тизилип отуруп кайрылуу жасабай, коомдук тармактарга байма-бай чыгарып турушмак. Бул жалган каралоо".

Ал эми Божоновдун "Ош Пиримдин" кызматкерлерин айыптаган маалыматы боюнча телеканалдын жетекчиси Абай Большевиков четке какты:

"Ал жерде телеканалдын жамааты Божоновдун атына каршы пикир, жалган жалаа жазуу деген болгон эмес. Социалдык тармакта Божоновдун жазганына дагы, мен чыгарган постко дагы менин кызматкерлерим тилектештик, колдоо кылып ийгилик каалап коюшкан. Эки-үч эле бала жазган. Бардык жамаат дегенде 35-40 адам жөнүндө сөз болуш керек. Телеканалдын жамааты деп маселени курчутуу талапкер тарабынан аябай туура эмес кадам болду",-деп жооп берди.

Буга чейин талапкер Улан Пиримовго Борбордук шайлоо комиссиясы 10-ноябрда жазуу түрүндө эскертүү берген. Ага өзүнүн соцтармактардагы баракчасына шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин кайрымдуулук иштерин жарыя кылганы себеп болгон.

БШКнын олтурумунда бул ишти Ош облустук милициясы "курамында кылмыш жок" деген негиз менен жапканы айтылган.

Жогоруда кайрылуу жасаган төрт талапкердин бири Дайыр Орунбеков да тиешелүү органдар Примовго "жумшак мамиле" жасап жатат деген ойдо:

"Бир нече даттануулар тиешелүү органдарга катталганы менен атаандашыбыз Улан Примовго жумшак мамиле жасалып жатат. Азыр ЖМКда мыйзам бузгандыгы боюнча бир нече маалыматтар тарап жатат. Биз да тиешелүү органдарга арыз менен кайрылдык. Эгерде ошол арыздардын негизинде жыйынтык чыкпаса, шайлоону таза өткөрүүгө толугу менен шек жаралат. Бул жалпы элдин нааразычылыгын, бийликтин шайлоону таза өткөрөбүз деген ниетинин ишке ашпаганын айгинелейт".

Талапкерлердин дооматын Примовдун штабы четке какты. Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев күч түзүмдөрү эч бир саясатчыга жан тартпай турганына ынандырууда. Ал төрт талапкердин соңку кайрылуусу каралып жатканын билдирди.

"Мыйзам бузган болсо, бирдей жоопкерчиликке тартылат. Укук коргоо органдары бирөөгө тартып койду деген тап-такыр болбойт. Бул жерде Башкы прокуратура, УКМК карап турат, шайлоо комиссиялары бар. Коомчулукта активисттер, юристтер бар, андайга жол бербейт".

Ноокат: токмок жеген үгүтчү

№5 Ноокат шайлоо округунан талапкер Бакытбек Мариповдун үгүтчүсү Мелисбек Төлөнбай уулу ур-токмокко кабылганын айтып чыкты. Ал ушул эле округдан талапкерлигин койгон Жусуп Коргонбай уулунун тарапташтары аны урганына даттанган.

Мелисбек Төлөнбай уулу.
Мелисбек Төлөнбай уулу.

"Жаныш аттуу жаран Ноокат районунда Коргонбай уулу Жусупбек деген талапкердин штабынан иштен кайткан экен. Ашуудан түшүп баратканда, Папан айылына жетпестен жолдо баратканымды билем, ошол жерде каракушка сокку болгон, андан кийин эч нерсени билбейм. Укук коргоо органдарынан жакшы көзөмөлгө алып беришсе деп өтүнөт элем. Мен реанимацияда жатканда мени ургандар келип, тосмо арыз бер деп опузалап жатышты", -деди Мелисбек Төлөнбай уулу.

Ал 7-ноябрда сабалса, бул тууралуу 13-ноябрда айтып чыккан. Ноокат райондук ооруканасынын ысымын атагысы келбеген дарыгери Төлөнбай уулунун саламаттыгы тууралуу буларды айтты:

"Бизге 8-ноябрь күнү түшкөн экен. Келгендеги абалы оор деп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Невропатолог дароо келип, "мээси орто деңгээлде чайкалган" деп диагноз койгон. Үч күн жандандыруу бөлүмүндө карап, анан палатага чыккан. Азыркы абалы салыштырмалуу канааттандырарлык".

Ноокат району.
Ноокат району.

Бакытбек Мариповдун штабынын жетекчиси Маматкул Асанов Төлөнбай уулунун сабалышын анын үгүтчү болуп иштегени менен түздөн-түз байланыштырууда.

"Биздин үгүтчү экендиги анык. Алардын (токмоктогондордун) ичинде Жусуп Коргонбай уулунун инилери бар деп айтып жатышат. Бул үгүтчү болгону үчүн токмок жеп жатат. Өз ара жаңжалдары болсо буга чейин, болбосо андан кийин деле чечип алса болмок да",-деди ал.

Чырлуу окуяда аты аталып жаткан талапкер Жусуп Коргонбай уулу муну "атайын каралоо" деп сыпаттады.

Жусуп Коргонбай уулу.
Жусуп Коргонбай уулу.

"Биздин эч кандай тиешебиз жок. Бул карандай калп. Биздин штабда ал балдардын бирөө да иштебейт. Эч кимиси штабга келген да эмес. Бул жөн эле куру доомат, каралоо. Алар достор экен деп уктум. Бири-бири менен мушташып, Ноокаттын ооруканасына жатыптыр. Ал жерде ким жетекчи экенин билесиңер да. Мен ойлойм ошол кишилердин уюштурган куру дооматы".

Борбордук шайлоо комиссиясынан бул окуя боюнча кайрылуу келбегендигин билдирди. Ал эми облустук милиция жаңжалды эки кишинин араздашуусу катары тергеп жатат.

"Ал жердеги күбөлөрдөн сураганда бардыгы "спирт ичимдигин ичип алгандыктан сөз талаша кетип урушкан" деп көрсөтмө беришкен. Ал жерде эч кандай шайлоо боюнча сөз болгон эмес. Жабырлануучу бир партияда үгүтчү экендиги жөнүндө дагы маалымат берген. Окуя болгондон кийин саясий боёк берүүгө аракет кылып жатышат", - деди Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Учурда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Жабырлануучунун денесине канчалык залал келгенин аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалган.

15-ноябрга чейин Ош облусунда шайлоого байланыштуу 34 арыз катталып, алардын бирөө сотко өткөрүлүп, 18 иш тергелүүдө. Калгандары далил жок болгондуктан кыскарган.

Жогорку Кеңешке депутаттыкка бир мандаттуу Ноокат шайлоо окуругунан Артыкбай Абдивалиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Бакытбек Марипов талапкерлигин койгон.

Бакытбек Марипов — Ноокат райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Мариповдун уулу, мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууган иниси.

Буга чейин Асамидин Марипов райондук ооруканада административдик ресурс колдонууга айыпталган. Дарыгер "Азаттыкка" курган маегинде айыптоолорду четке кагып, айдын башында эле эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин айткан эле.

Мариповдун мечиттеги "жолугушуусу"

Ошол эле кезде талапкер Бакытбек Мариповдун үстүнөн да арыз түшкөн. Ал 9-ноябрда Чапаев айылындагы мечитте үгүт жүргүзгөн деп шектелген. Талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Маматкул Асанов Марипов кечки намазга барган учурда ага айыл аксакалдары бата бергенин айтты.

Интернетке тараган тасмадан алынган сүрөт.
Интернетке тараган тасмадан алынган сүрөт.

"Эч кандай үгүттөө болгон эмес. Ошол мечитке иштен кетип баратып намаз окуганы кирген. Аны тааныгандар "Ээ, бул жанагы депутаттыкка аттанып жаткан Бакытбек ушу экен, дуба берип коёлу" деген. Мечиттин короосунда бата берген. Бардык эле жерде мусулман адам бата алып, анан кетет да".

Облустук милиция Мариповдун мечитте үгүт жүргүзгөнү далилденбегенин билдирди. Боршайком бул ишти карай турганын кабарлаган.

Үгүт иштери башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 78 арыз түшкөн. Бул арыздардын теңинен көбү Бишкек шаары жана Ош облусунан экени кабарланган.

Арыздардын көбү добуш сатып алуу аракети тууралуу (28), үгүт эрежелерин бузуу (25) жана административдик ресурстарды колдонуу тууралуу (14). Мындан сырткары аймактык шайлоо комиссиясы, талапкер тууралуу жалган маалымат, талапкерди каттоону жокко чыгаруу жана башка ушул сыяктуу арыздар бар. Сотко эки иш жөнөтүлгөн. Ал эми алты арыз сотко чейинки өндүрүштө. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн сегиз талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG