Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Акыйкатчынын Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча катына жооп келе элек


Саидакмат Артыков. Сүрөт анын үй-бүлөсүнүн уруксаты менен жарыяланды.
Саидакмат Артыков. Сүрөт анын үй-бүлөсүнүн уруксаты менен жарыяланды.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча тажик тарапка жолдогон катына жооп келе элек. Бул тууралуу 17-ноябрда “Азаттык” радиосуна Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, расмий кат Тышкы иштер министрлигине жана Тажикстандын Омбудсменине 11-ноябрда жөнөтүлгөн, азырынча жооп боло элек.

Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиков (Саидакмат Артыков) эки ай мурда кармалган. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп кыргыз бийлигине кайрылган жана ал абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатырлыгын билдирген. 44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген кине менен кармалып, Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагына камакка алынган.

12-ноябрда Бишкекте Артыковду бошотууну суранып акцияга чыккандар менен жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, маселени тийиштүү органдарга жеткирип, кыргыз жарандарын чыгарууга көмөктөшөрүн айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG