Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:29

Султанбаев: Шайлоодо президенттин атын колдонгондор жазаланат


Президент Садыр Жапаров жана анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Президент Садыр Жапаров жана анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартыларын, бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү экенин билдирди.

“Биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз”, - деди Султанбаев.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Садыр Жапаров шайлоого жакын сүйлөгөн бардык сөзүндө бийлик саясий партиялар менен талапкерлерге бирдей шарт түзүп, шайлоону таза өткөрөрүн айтып келатат.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров милицияга "Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбековго каршы арыз жолдогон. Анда аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын жазган. Шерзодбек Умарбеков акимге чалганын ырастап, бирок анда президенттин атын атап "опузалаган" деген дооматты четке какты.(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG