Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Беларуска келген 200 мигрант аларды кайра Иракка кайтарууну өтүндү


Польша менен Беларустун чек арасында жайгашкан "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетиндеги абал.
Польша менен Беларустун чек арасында жайгашкан "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетиндеги абал.

Ирактын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин аймагына кирүүнү көздөп Беларуска келген 200 ирактык кайра мекенине кайтууну өтүнүп элчиликке кайрылышкан. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты.

Эвакуациялык рейс 18-ноябрда уюштурулат. Ирак дипломатынын айтымында, мекенине кайтып барууну каалагандардын саны дагы өсүшү ыктымал.

Кайрылгандардын арасында аялдар, балдар жана жубайлар бар. Алардын баары учурда Минскиде рейсти күтүүдө.

Эки миңдей мигрант 14-ноябрда поляк-беларус чек арасындагы "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетине келип, аларды Евробиримдиктин аймагына өткөрүүнү талап кылышкан.

Учурда польшалык аскерлер өткөрмө бекеттеги тосмолорду бузууга аракет кылган мигранттарды суу менен аткылап таратууда.

Польшанын коргоо министри Твиттердеги баракчасына жарыялап жаткан видеолордон мигранттар аскерлерге карата таштарды жана бөтөлкөлөрдү ыргытып жатканын көрүүгө болот.

Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып баштаган.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап жатат. Буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG