Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Мигранттар беларус-поляк чек арасындагы тосмону бузууга аракет кылышты


Беларус-поляк чек арасы.
Беларус-поляк чек арасы.

“Бружи-Кузница” чек ара өткөрмө бекетине чогулган мигранттар беларус-поляк чек арасындагы тосмону бузууга аракет кылып, Польшанын аскерлерине таш жана бөтөлкө ыргытышты. Аскерлер мигранттарды көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аткылап таратты.

Польшанын Коргоо министрлиги кабарлагандай, мигранттар поляк арачыларына кулак тундуруучу гранаталарды ыргытышууда.

Буга чейин “Бружи-Кузница” өткөрмө бекетине эки миңдей мигрант келип топтолгон. Алар постту курчоого алып, Еврошаркеттин аймагына өткөрүү талабын коюшкан. Ал жакка негизинен Ирактан келген күрддөр чогулган.

Польша чек арага аскерлерин жана ыктыярчы түзүмдөрдү тартып келип, мигранттарды өткөрбөй турат. Айрым мигранттар чек араны бузуп өтүүгө үлгүрүшкөн, бирок аларды аскерлер дароо кармашкан.

Польшанын чек ара кызматы мигранттар чек араны күчкө салып өтүшү ыктымал экендигин айтууда. “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, Беларустун чек арачылары өздөрү тараптагы тосмо зымдарды чечүүгө киришкен.

Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып баштаган.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап жатат. Буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG