Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

АКШ Орусияны ракета сыноо үчүн айыптады


Орусиянын аймагындагы ракета сыноолордун бири.
Орусиянын аймагындагы ракета сыноолордун бири.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны “кооптуу жана жоопкерчиликсиз” ракета сыноосун айыптады.

Ракета Жердин орбитасындагы орусиялык спутниктердин бирин атып түшүргөн. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс сынактын натыйжасында 1500 майда урандылар пайда болгонун жана алар Эл аралык космостук станциясына кооптуу болушу ыктымал экендигин билдирди.

НАСА билдиргендей, Эл аралык космостук станциясында жүргөн төрт америкалык, немис жана эки орусиялыктан турган экипаж сыноо учурунда атайын капсулага кирип, эвакуацияга даяр болуп турушкан.

Орусиянын расмий өкүлдөрү АКШнын айыптоолоруна жооп кайтара элек.

Өткөн жылдын апрель айында Орусия спутникке каршы ракетасын сынап, космос мейкиндиги барган сайын согуш үчүн маанилүү аймакка айланып баратканын айткан.

Космостогу учкучтарга каршы багытталган ракеталарды АКШ бир нече жылдан бери сынап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG