Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Москва ДНР жана ЛНР аймактарына жардам көрсөтөт


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп аталган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Буйрук Орусиянын укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды.

Буйрукка ылайык, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда өндүрүлгөн товарлардын Орусиянын аймагына кирүү шарттары жеңилдейт. Жеңилдетүүлөрдү Орусиянын өкмөтү бир айдын ичинде аныктоого тийиш. Ал товарлар мамлекеттик сатып алууларга да катыша алат. Орусиянын өкмөтү товарлардын сертификаттарын да таанууга тийиш.

Кремл мындай чечим "жаңы коронавирус инфекциясы жайылып жаткан кырдаалда экономикалык блокадада калган адамдардын жашоо деңгээлинин төмөндөшүн токтотот" деп ишенет.

Документте Путин мындай чечимди "эл аралык нормалардын жана гуманитардык укуктардын принциптерине таянып" кабыл алганы айтылат.

Донбасстагы куралдуу жаңжал жети жылдан бери уланып келе жатат. Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактары жикчилдердин көзөмөлүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG