Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Бишкекте коронавируска каршы ревакцинация башталды


Дарыгер коронавируска каршы вакцинаны сайып жатат. Кыргызстан.
Дарыгер коронавируска каршы вакцинаны сайып жатат. Кыргызстан.

Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталды.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, адамдар бүгүнтөн тарта борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот.

Калган аймактарда кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде башталат.

Коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Ошондой эле коронавирус жугуу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлерге, COVID-19 вирусунан жапа чеккен адамдарга да ревакцинацияга уруксат берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин кайталап эмдөө (ревакцинация) адамдын антитело көрсөткүчү текшерилгенден кийин жүргүзүлөрүн айткан.

Кыргызстанда жалпысынан коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 16-ноябрга карата 2710 адамга жетти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG