Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкекте арзан көмүр саткан кошумча кампа ачылды


Бишкектин Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жер. 22-октябрь, 2021-жыл.
Бишкектин Гагарин көчөсүндө жайгашкан көмүр саткан жер. 22-октябрь, 2021-жыл.

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекте Ден-Сяопин көчөсү 306/2а дарегинде көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампа ачылганын билдирди. Мындай чечим 16-ноябрда иштей баштаган алгачкы сатуу жайында кезек күткөндөр көп болгонуна байланыштуу кабыл алынды.

Өкмөт 16-ноябрда Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомдон сата баштаган. Алармандар көп болуп, кезекте тургандардын саны 700 кишиге чейин жеткен.

Өлкөдө суук түшкөнү көмүр баасы кескин кымбаттап кетти жана кара отундун тартышыгы байкалды.

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 11-ноябрга карата Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннасы 5 942,9 сомду түзүп, октябрь айына салыштырмалуу 14,7% кымбаттады.

Көмүр өлкөнүн түштүк аймагында кымбат. Ош облусунун Ноокат районунда бир тонна үчүн – 10 миң сомго, Баткенде 9 344,7 сом болсо, Исфанада 8 746,4 сомдон сатылып жатат.

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда өкмөт Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сата баштарын айткан. Социалдык тармактарда башка аймактардын тургундары да бийликтен арзан көмүр менен камсыз кылып берүүнү суранууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG