Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Экстремисттик уюмдар аялдар менен жаштарга басым жасап жатканы айтылды


“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Мелис Сатыбалдиев экстремисттик уюмдар аялдар менен жаштарга өзгөчө басым жасап жатканын айтты.

Бул тууралуу ал 17-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аймагында терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдөгү адам укуктарынын сакталышы" деген аталыштагы жыйында билдирди.

"Экстремисттик уюмдар өзгөчө аялдар менен жаштарга басым жасап жатат. Бул коомдук стабилдүүлүккө жана коопсуздукка, коомдун руханий жашоосуна, үй-бүлө баалулуктарына таасирин тийгизүүдө. Бул экстремизмдин масштабдуу жайылышына алып келет деген коркунуч бар. Жаштардын ар кандай жол менен чет өлкөлөрдөгү диний билим берүү мекемелерге кетип жатканы кооптондурат. Алардын айрымдары экстремисттик уюмдарга байланыштуу экени белгилүү болуп, Кыргызстанга кайтып келгенде ошолордун идеологиясын, саясатын таратып жатышат", - деди Сатыбалдиев.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 9 айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталды. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлду.

Дин иштери боюнча эксперттер экстремисттик уюмдар кишилерди тузагына илүүнүн жаңы ыкмаларын ойлоп таап, катарына аялдар менен өспүрүмдөрдү тартып жатканын эскертүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG