Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Кыргызстандагы IT тармагынын кирешеси жана салымы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү быйыл тогуз айда 1,3 миллиард сом киреше тапты. Ал эми былтыр 12 айда тапкан кирешеси 1,2 миллиард сом болгон. Адистер мамлекет тараптан жетиштүү көңүл бурулса, IT тармагы экономикага барандуу салым кошо ала турганын белгилешет.

“Азаттыктын” апталык “Элдик экономика” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы мына ушул IT тармагына арналат.

Бул тармакта иштеген программисттер Кыргызстандын экономикасына кандай пайда алып келип жатканын төмөндө кенен талдоого алабыз.

  • Ата мекендик Namba Group компаниясы IT тармагына 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция алып келди.
  • Дүйнөдөгү эң ири IT компания саналган EPAM Systems Бишкекке кеңсесин ачууну пландап жатат.

Кыргызстанда өз алдынча иштеген программисттер көп

37 жаштагы Алтынбек Усенбеков учурда АКШда беделдүү деп саналган Evernote аттуу IT компанияда иштейт. Өзү Бишкек шаарында жашайт. Алтынбектин бул тармакта аралыктан иштеп жатканына быйыл он жылдан ашты. Анын негизги жумушу программалык камсыздоолорду жасоо.

Алтынбек Усенбеков
Алтынбек Усенбеков

“Мен түркиялык компаниялар менен жети жыл аралыктан иштештим. Азыр АКШдагы IT компанияда иштеп жатам. Коронавирус пандемиясы чет өлкөлүк компанияларды аралыктан иштөөгө көндүрдү. Ага чейин алар мындай шартка көңүл бурушчу эмес. Аралыктан иштөө бир жагынан аларга да пайдалуу. Мисалы АКШда жашап, иштеген IT адисинин минималдуу маянасы 10 миң доллар. Бирок ошол эле жумушту жасап, Кыргызстан сыяктуу башка өлкөдө жашаган адиске алар эң көп дегенде 3000 доллар төлөшөт. Бул акчага Кыргызстанда жашаган IT адиси макул болуп иштеп берет. Ошондуктан бул тармактын Кыргызстандагы потециалы жогору”.

Усенбековго окшоп үйүндө иштеген IT адистери Кыргызстанда ондоп саналат. Алардын көбү тапкан акчасы тууралуу ачык айтууну каалабайт. Усенбековдун айтымында, IT тармагын жаңыдан өздөштүрүп, иш баштаган адистин айлыгы 300 доллардан башталат. Маяна жумуштун татаалдыгына жана адистин тажрыйбасына жараша 10 миң долларга чейин жетет.

Өлкөдө IT тармагында чет өлкөлүк компаниялар менен иштеген он миңге чукул программист бар экени айтылып жүрөт. Алардын жылдык киришеси орточо 20 миң доллардан башталат.

IT адистери Кыргызстанга инвестиция тартууда

Кыргызстанда IT тармагында иш алып барган адистер жылдан-жылга көбөйүп, бул тармакты кирешелүү бизнес катары карап жаткан ишкерлер да көбөйүүдө.

Маселен, жакында эле кыргызстандык Namba Group компаниясы Казакстандагы “Астана” эл аралык каржы борборуна барып IT тармагына 1 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестиция алып келди. Бул акчага алар бардык кызматтарды, төлөмдөрдү өзүнө камтыган бир онлайн тиркемени ишке киргизгени жатат.

Компаниясынын негиздөөчүсү Аман Тентиев аткарылчу иштери тууралуу буларга токтолду.

Аман Тентиев
Аман Тентиев

“Namba One деген долбоор иштеп чыктык. Анын негизинде мобилдик тиркеме жасалат. Ага Кыргызстандагы бардык тейлөө кызматтары киргизилген. Жогоруда сөз болгон акча ушул долбоорду баштан-аяк каржылоо үчүн алынган. Анын ичинде программистердин айлыгы, техникалардын акчасы жана маркетинг сыяктуу чыгымдар бар. Тиркемени иштеп чыккан жана аны иштеткен жүз киши жумуш менен камсыз болот. Мындан тышкары тиркеменин аркасы менен такси айдоочулар, тамак ташыган курьерлер жана башка ондогон жумуш орундары түзүлөт. IT тармагын өнүктүрүү менен биз кызматкерлерге бир гана айлык бербестен мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөйбүз”.

Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү тогуз айда 1,3 млрд. сом тапты

Кыргызстандагы IT адистеринин башын бириктирген Жогорку технологиялар паркы резиденттери 2021-жылдын үчүнчү кварталында эле 549 миллион сом тапты. Бул сандарды былтыркы жылдын ушул кварталына салыштырсак 87% көп.

Аталган парк эмгектерин чет өлкөгө экспорттоп үч жылдан бери кирешесин 1 миллиард сомдон ашырып жатат. Маселен, алардын быйылкы жылдын алгачкы тогуз айындагы кирешеси 1 миллиард 357 миллион сомду түзгөн. Ал эми былтыр 12 айда тапкан кирешеси 1,2 миллиард сом гана болгон.

Резиденттеринин кызматтары АКШ (169 млн. сомго), Орусия (72 млн. сом), Казакстан (69 млн. сом), ошондой эле Кипр (64 млн. сомго) сыяктуу өлкөлөргө экспорттолгон.

Уюмга мүчө болгон резидент-компаниялардагы кызматкерлердин саны быйыл 1176 адамга, эмгек акы фондусу 199 миллион сомго, патент ээлеринин төлөмдөрү 63 миллион сомго чейин көбөйгөн.

Жогорку технологиялар паркынын 2021-жылдын алгачкы тогуз айынын отчету.
Жогорку технологиялар паркынын 2021-жылдын алгачкы тогуз айынын отчету.

Программисттер киреше салык катары бюджетке тогуз, социалдык чегерүүлөргө алты миллион сомдон ашык акча которуп берген.

Жогорку технологиялар паркы алгач негизделген 2013-жылы анын мүчөлөрүнүн кирешеси болгону 14 миллион сомду түзгөн. Жети жылда алардын тапкан акчасы он эсеге көбөйгөнү көрүнүп турат.

Уюмга катталган компаниялар IT тармагындагы бардык кызматтарды көрсөтөт. Кирешенин басымдуу бөлүгү программа түзүү менен программа сатуудан түшөт. Мындан тышкары компьютерде түзүлгөн анимациялар, интерактивдик сервистерди жаратуу жана call center – байланыштык тейлөө борборлору аркылуу кызмат көрсөтүшөт.

Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Чубак Темиров уюмга мүчө болгон IT адистери төлөгөн салыктарды айтып берди.

Чубак Темиров
Чубак Темиров

“Парк биринчи кезекте IT тармагында иштеген мекеме-компанияларга салык жагынан жеңилдик алып берүүнү максат кылат. Анткени бизге мүчө болгон резиденттер «Жогорку технологиялар паркы тууралуу» мыйзамдын негизинде жеңилдетилген салык төлөшөт. Тактап айтканда тапкан акчасынын 1% гана салыкка кетет. Мындан сырткары мүчө-акы катары Жогорку технологиялар паркына жылдык жүгүрткөн каражатынын 1% төлөп турат”.

Жогорку технологиялар паркы 2030-жылы уюмдун программисттер 50 миңге жеткирип, долларлык эсепте миллиарддык көрсөткүчтөргө алып барабыз деген дымагы бар.

Кыргызстандык IT адистердин баркы көтөрүлүүдө

9-10-ноябрда, Бишкекте өткөн StrategEast жана IT Евразиялык форумда эл аралык деңгээлдеги эң беделдүү деп саналган EPAM Systems IT компаниясынын кеңсеси Бишкекте ачылары белгилүү болду. Аталган компаниянын бизнес үчүн инновациялык программаларды иштеп чыгып, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнө сатат.

Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Чубак Темиров EPAM Systems компаниясынын кеңсеси ачылса, Кыргызстандан кеминде 1000 киши жумуш менен камсыз болорун белгиледи.

“EPAM Systems дүйнөнүн беш континентинде иш алып барган, 40 миңден ашык кызматкери бар белгилүү компания. Алар Кыргызстанга офисин ачса, биздин парктын резиденти болот. Бул биздин беделибизге жакшы пайда алып келет”.

Биринчи жолу Бишкекте уюштурулган StrategEast жана IT Евразиялык форумуна дүйнөнүн чар тарабынан келген IT индустриясынын 150дөн ашык өкүлү өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Форумдун жүрүшүндө көптөгөн эл аралык донорлор Кыргызстандагы IT долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирген.

Catapult венчурдук фонду IT чөйрөсүндөгү стартаптарды колдоо үчүн атайын фонд түзүлгөнүн жарыялады. Капиталдын көлөмү 100 миллион долларды түзөт. Фонд Борбор Азия өлкөлөрү үчүн түзүлгөн. Бирок фонддун ресурстарынын 50% Кыргызстандагы стартаптарга жумшалат.

Жогорку технологиялар паркынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Исмаилов кыргызстандык программисттердин баркы өсүп жатканын айтты.

Алтынбек Исмаилов
Алтынбек Исмаилов

"Кыргызстандык IT адистер дүйнөнүн булуң-бурчундагы ири компанияларда иштеп жатканын көрүп жатабыз. Ошол эле EPAM Systems компаниясында иштеген 100гө жакын кыргызстандык бар. Эми алардын кеңсеси Бишкекте ачылса, дагы миң программист ошол жакка ишке орношууга мүмкүнчүлүк алат”.

IT тармагына жасаган өкмөттүн мамилеси

2021-жылдын май айында өлкөдөгү мамлекеттик беш IT-ишкана ишкана жоюлуп, ордуна борборлоштурулган Санарип өнүктүрүү министрлиги негизделген.

Бирок 12-октябрдагы Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүнө бул мекеме кирген эмес. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров бул ведомство натыйжа көрсөтө албагандыктан жоюлганын айткан.

26-октябрда президент Садыр Жапаров өзүнүн буга чейинки айрым чечимдерин өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол коюп, Министрлер кабинетинин курамына Санариптик өнүктүрүү министрлигин кайра кошту. Мекеме санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу менен алектенет.

IT-тармагы боюнча адис Азиз Абакиров министрликтин иши өлкө үчүн маанилүү деп эсептейт.

Азиз Абакиров
Азиз Абакиров

"Санарип өнүктүрүү министрлиги өлкөнүн ичинде чоң долбоорлорду ишке ашырышы керек. Аймактарга интернет жеткирүү ишин аткарышы абзел. Санариптик тейлөөлөрдү колго алышы шарт. Ал эми өз алдынча иштеген IT адистер өкмөттүн колдоосуна анчалык деле муктаж эмес. Болгону аларга эркиндик жана моралдык колдоо гана керек. Ишине тоскоолдук болбосо эле, калганын өздөрү жөндөп кетет. Азыр ансыз да бир катар программисттер эмгектерин чет өлкөгө экспорттоп, кыргыз экономикасына салым кошуп жатат”.

Соңку жылдары чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын арасында да IT тармагына оогондор көбөйдү. Алардын алды Google, Microsoft сыяктуу ири компанияларда иштеп калса, арты өз алдынча фирма ачып, дүйнөлүк деңгээлдеги компаниялар менен атаандаша иштеп жаткан кези. Алар өз мекендештерин ушул тармакка тартып, билим алуусуна жардам берип келет. Ошол эле учурда ири каражаттарды мекенине жөнөтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG