Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

"Балдарга эне тилди үйрөтөбүз": Америкадагы кыргыздар


АКШда китепканада отурган Бермет менен Адам.
АКШда китепканада отурган Бермет менен Адам.

Чет жактагы журтташтар арасында балдарына кыргыз тилин үйрөтүү кыйла көйгөй жараткан мисалдар арбын. Айрымдар буга өзгөчө маани берип, уул-кыздарын кыргызча сүйлөтүүгө аракет кылат. АКШнын Гавайи аралында жашаган Бакыт Абдишов балдарына эне тилин үйрөтүүнүн сырлары менен бөлүштү.

Анын төрт жаштагы кызы Бермет Америкада төрөлүп, чоңоюп жатканына карабастан кыргыз тилинде так сүйлөп, акындардын ырларын жатка билет.

-Бакыт мырза, азыр чет жакта төрөлгөн кыргыз балдарынын эне тилин билбей калышы чоң көйгөйгө айланып жатат. Журтташтардын көбү менен сүйлөшүп калганда дагы ушул нерсени белгилеп, канча аракет кылышпасын балдарынын тилдери бурулуп жатканын айтышат. Силер ушул маселени кантип чечтиңер?

-Негизинен, ар бир ата-эне баласы кайсы тилде сүйлөрүн өздөрү чечет. Биз балдарыбыздын тили нукура эне тилинде чыгышын каалаганбыз. Кыргыз тилин үйрөнгөндөн кийин башка тилдерге ачыкпыз. Башка ата-энелерди таарынткым келбейт, эгерде каалоо болсо, ишке ашыруу мүмкүн. Бул оңой эмес. Келинчегим Айдана экөөбүз балабыз төрөлгөн биринчи күндөн тартып, аны туура тарбиялоо боюнча план жазып, ошонун үстүнөн иштеп баштаганбыз.

Америкада туруп балага кыргыз тилин үйрөтүү эки эсе кыйын. Себеби, көчөгө чыксаң баары англисче. Ошондуктан биз аларга эне тилин үйрөнүү үчүн үйдө баардык шартты түзгөнгө аракет кылды. Биринчиден, өзүбүз жалаң кыргызча сүйлөйбүз, экинчиден башка тилде эч кандай мультфильм көрсөткөн эмеспиз. Бермет эки жашынан баштап жумасына бир жолу "Керемет көч" көрөт. Баардык серияларын көрүп бүттү. Балага ата-энеси керек, эгер ата-эне жалаң кыргыз тилинде сүйлөсө ал деле көнөт, үйрөнөт. Жөн эле сүйлөп койбой эне тилде кызыктуу нерселер менен тааныштырып туруу зарыл.

-Бермет достору менен кайсы тилде сүйлөшөт?

-Достору менен англисче сүйлөшөт. Азыр англисчени да үйрөнүп баштады. Анткени кызым азыр өзүнүн эне тили бар экенин, өзү кыргыз экенин түшүнүп калды.

Бермет менен атасы Бакыттын маегинин аудиосун бул жактан угуңуз:

-Мен билгенден көп эле ата-энелер балдарына телефон берүүнү каалашпайт. Бирок колдору бошобой калганда, баланы алаксытуу үчүн кармата коюшат. Силер деле иштейсиңер, ошондой учурларда эмне кыласыңар?

-Эң негизги көйгөй ошол болуп жатпайбы. Убакыт жок деп, көп нерседен артта калабыз. Биздин балдарыбыз телефон такыр кармашпайт. Андан видео көрсө болорун да билишпейт. Өзүбүз дагы алардын көзүнчө телефонду чукулап отурбайбыз. Себеби, балдар менин телефон карап, андан бир нерсени көрүп, жыргап отурганымды көрсө, кызыгып, кайталаганга аракет кылат да. Алар телефондон китеп окуй турганыбызды билишет. Айтып өткөндөй эле, телевизордон "Керемет көчтү" жана жакындан баштап "Спирит" деген ат жөнүндө тасманы коюп бере баштадык.

-Ошондо балдарды кантип алаксытасыңар?

-Бала табиятынан ойнош керек да. Азыр алар короого чыгып ойношот. Мурда Чикаго шаарында көп кабаттуу үйдө жашаганда деле, батирдин ичинде болсо да аларга ойной турган шарт түзүп бергенге аракет кылдык. Дубалдарга Кыргызстанга тийиштүү сүрөттөрдү чаптап коер элек. Ошолорду көрүп, кызыгып, бизге ар кандай суроолорду беришет эле. Кызыбыз Бермет азыр төрт жашта, уулубуз Адам экиде. Бермет эми гана окуганды үйрөнө баштады. Бирок биз ага карабай жумасына 10-15 китеп алып келип берип коебуз. Алар ошол китептер менен керелден кечке ойношот. Ошентип отуруп 5-6 жыл окугандай эскиртип коюшат.

Бермет Абдишова.
Бермет Абдишова.

Уулубуз эжеси Берметти туурап, тамгаларды үйрөнөт. 24 сааттын 8 саатын иштейбиз, сегиз саатын уктасак, калган саатын балдар менен болобуз. Анан иштеп атканда деле "няня" деген бизде жок, өзүбүз карайбыз. Башкалар менен дагы мамиле кылганды үйрөнсүн деп эшикке чыгарабыз.

-Бермет Зайырбек Ажыматов сыяктуу чоң акындардын ырларын ушинтип жатка айтып калыптыр. Анын башка ырларды да айтканын социалдык тармактан көрүп калам. Өзүңүз жаттатасызбы?

-Бермет өзү эртең менен туруп, маанайына жараша күн тартибин өзү түзөт. Бир күнү ыр жаттагысы келет, башка күнү сүрөт тартууну каалайт. Ошентип анын көңүлүнө жараша иш кылабыз. Бир күнү Зайырбек Ажыматовдун "Убакыт жок" деген ырын өзүм айтып жүрсөм, Берметке жагып калып, ушуну жаттатууну суранды. Башында мен жаттай албайт го деп ойлогом. Бирок 6-7 куплетти оңой эле эстеп калды. Биринчи эле жаттаган ыры ушул болду. Чогуу 5-6 жолу кайталасак эле эстеп калат экен.

-Айдана экөөңөр тең IT тармагында иштейсиңер. Баланы туура тарбиялоону кайдан үйрөнөсүңөр? Китептерден окуйсуңарбы?

-Албетте, баарын китептен окуйбуз. Себеби, бала тарбиялоо да өзүнчө бир билим. Бала өскөн сайын биз дагы өсүшүбүз керек да. Чоңойгон сайын алардын керектөөлөрү өсө берет. Ата-эне меним оюмча, бир-эки кадам алдыда болуш керек. Акыркы жолу түркиялык жазуучу Адем Гүнештин "Балага тарбия берүүдөгү адашуулар" деген китебин окудук. Бул чыгарма кыргыз ата-энелерге суудай керек деп ойлойм.

Бакыт Абдишов үй-бүлөсү менен.
Бакыт Абдишов үй-бүлөсү менен.

"Ютубда" китептин аудиоверсиясын тапса болот. Ошондой эле англис тилиндеги китептерди көп окуйбуз. Анткени, биздин өзүбүздүн билген нерсебиз аздык кылат. Баланын тилинде дагы сүйлөшө билүү, ал эмнени каалайт, эмне үчүн ыйлайт, эмне үчүн көңүл бурдургусу келерин билүү үчүн, аларды сүйүүгө бөлөп чоңойтуш үчүн китептер жардам берет экен.

-Жакында эле Кыргызстан Эгемендиктин 30 жылдыгын белгиледи. Сиз эми 30 жылдан кийин Кыргызстанды, анын жаштарын кандай элестетесиз?

-Биз азыр коомдо көрүп жаткан нерселер, бизге жагабы, жакпайбы менин ата-энем жаңы баш кошкон мезгилдин жемиши. Аны өзгөртө албайбыз. Бирок, кийинки 30 жылды сөзсүз өзгөртө алабыз. Себеби, азыркы коомду жактырбай жаткандар ата-эне болуп жатат. Эгерде биз жакшы коомду, жакшы келечекти түзгүбүз келсе, ата-эне катары өзүбүздүн салымыбызды кошуубуз керек.

30 жылдан кийин Кыргызстанды аябай өнүккөн өлкөлөрдүн катарында көргүм келет. Жаштары билимдүү, маданияттуу болуп, адам укуктары корголгон, кыздардын укугу тепселенбеген чөйрөдө жашагыбыз келет. Бермет азыр Кыргызстанды жомоктогудай сонун мамлекет элестет. Кыргызстан десең эле сүйүнүп турат. Кийин ал мекенин өзү элесеткендей көрүшүн каалайм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG