Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулатылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулаткан чечимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кол коюлган документке ылайык, багуучусунун биринен айрылганы боюнча пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып - 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.

Багуучусунан айрылганы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.

Социалдык фондунун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам каттоодо турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкону боюнча – 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 адам турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG