Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

ЕККУ кеңсесинин алдында Равшан Жээнбековдун маселесине байланыштуу пикет өттү


Өндүрүш Токтонасыров ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында.
Өндүрүш Токтонасыров ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн 17-ноябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында камактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун маселесине көңүл бурууга чакырган пикет өткөрдү.

Ал колуна “Саясий туткун кыйноодо”, “Депутаттыкка талапкердин укугу бузулууда” деген жазууларды кармап турду жана Жээнбековго талапкер катары үгүт жүргүзүүгө шарт түзүлбөй жатканын айтты:

“Бир кызматкер чыгып, менин талаптарымды жазып алды. Бирок жетекчилик менен жолугууга уруксат берилген жок. Эл аралык уюм катары ЕККУнун ишине сын айткым келет. Эмне үчүн алар кайрылган адамдардан качышат, ачык иштей албай жатышат?”.

ЕККУнун өкүлчүлүгү бул тууралуу азырынча маалымат же комментарий бере элек.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда ал талапкер болуп катталган, бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG