Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Бишкекте абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча комиссия түзүлдү


Бишкек. 2020-жылдын январь айы.
Бишкек. 2020-жылдын январь айы.

Өкмөт Бишкекте абанын булганышы боюнча көйгөйдү иликтөө, элдин ден соолугун коргоо жана маселени чечүү чараларын ыкчам иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык өзгөчө комиссия түздү. Бул тууралуу 17-ноябрда Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирген комиссияны Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жетектемей болду.

15-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн жыйында борбордогу ыш маселеси көтөрүлүп, шаар башкармалыгы менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүү тапшырмасы берилген.

Бишкекте соңку жылдары кыш башталганы шаарды ыш каптап, аба булганганы олуттуу көйгөй болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG