Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жарыктын өчүрүлүшүнө нааразы болгондор айланма жолду тосуп алышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин четиндеги Теңдик айылы менен “Алтын-Казык” конушунун жашоочулары электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп, айланма жолду тосуп алышты.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы автожолдун торолгону тууралуу маалымат саат 18:00дөрдө түшкөнүн, милиция кызматкерлери окуя болгон жерде коомдук тартипти камсыздап жатканын билдирди.

Социалдык тармактарга тараган видеолордо бир нече адам жолду тосуп, автоунааларды өткөрбөй жатканын көрүүгө болот.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду.

Буга байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Бийлик, Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында свет өчүрүлбөй турганын билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG