Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

БШК өкүлү шайлоого байланыштуу арыз-даттануулар аз экенин айтты


Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов быйыл Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында өткөн жылдагыга салыштырмалуу арыз-даттануулар аз түшүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 17-ноябрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” телеберүүсүндө айтты. Анын сөзүнө караганда, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Боршайкомго баш-аягы 600дөн ашык арыз түшкөн. Быйыл 80ден ашты.

“Буга чейинки шайлоолордо арыздардын көбү добуш сатып алууга жана №2 формага байланыштуу болчу. Азыр болсо баннерлерди туура эмес илгени, анын мазмуну боюнча даттануулар түшүп жатат”, - деди Бекматов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шайлоонун үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 158 факты катталганын кабарлады. Бул аралыкта 28 кылмыш жана 37 жорук, электрондук маалымат журналына 93 ар кандай билдирүүлөр катталды.

Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" боюнча 21 факты, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу" боюнча эки факты, "Уурдоо" боюнча эки факты, "Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" боюнча бир факты, "Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу" боюнча бир факты, "Ээнбаштык" беренеси боюнча бир факты тиркелди.

37 факты Жоруктар кодексинин "Майда бейбаштык", "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу", "Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу", "Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо", жана "Ден соолукка жеңил зыян келтирүү" менен катталган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG