Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Суваналиев добуш сатып алуунун атайын схемасы бар экенин айтты (видео)


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүү үчүн биринчи кезекте добуш сатып алууну тыйыш керектигин айтты.

Ал “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, үй комитеттеринин башчылары партия лидерлери менен сүйлөшүп алып шайлоодогу добуш сатууну бизнеске айландырып алганын билдирди.

“Былтыр бийликтин камчысын чапкан партиялар шайлоого 50 миллион долларга чейин акча сарптаган. Эми ошол эле “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынын мүчөлөрү башка партияларга кирип кетти. Булар тажрыйбалуу. Эми алар баары бир иштейт. Мына УКМКнын төрагасы “шайлоого эки күн калганда акча таратышат” деп айтпадыбы. Алардын жолго коюлган схемасы бар”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 17-ноябрда Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалганын билдирди. Шектүү шайлоочуларга акча бөлүштүрүү учурунда кармалган. Анын автоунаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен көп суммадагы каражат табылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен 21 факты териштирилип жатканын кабарлады.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG