Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Талапкер карындашын сүрөгөн деген негизде Тайчабаровго сөгүш берилди


Кудрет Тайчабаров
Кудрет Тайчабаров

Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго Министрлер кабинети сөгүш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Маалыматты Тайчабаров "Азаттыкка" бышыктады.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон бир тууган карындашын ачык сүрөгөн деп, Тайчабаровго чара көрүүнү сурап, Министрлер кабинетине кайрылган эле.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматка караганда, Тайчабаров карындашына төрт сап ыр арнап, "Фейсбукка" билдирүү жазган.

Кудрет Тайчабаров муну тастыктаган, бирок анда үгүт жоктугун, БШКнын позициясы түшүнүксүз экенин билдирген. Ал мамлекеттик кызматкер эместигин, "Бишкек" эркин экономикалык аймагына бюджеттен айлык берилбей турганын кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен бир катар чиновниктер кызматтан алынды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG