Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Байсаловдун сыны, "Адилеттин" жообу


Эдил Байсалов жана Чолпон Жакупова. Коллаж.

"Адилет" укуктук клиникасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айрым бейөкмөт уюмдар тууралуу айткандарын сындап чыкты.

Уюм Байсаловдун "жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер катары айткан сөздөрү кооптонуу жаратып жатат" деп белгилеген. Буга чейин Эдил Байсалов айрым бейөкмөт уюмдар өз милдеттерин аткаруудан тайып, ашкере саясат менен алектенип, гранттар максатсыз пайдаланылып жатканын айткан. Укук коргоочу бир клиника "жетекчисинин саясаттагы досторунун, олигархтардын укугун коргоого грант бөлөт" деп мисал келтирген.

"Адилет" укуктук клиникасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун бейөкмөт уюмдар тууралуу айткан сынын негизсиз деп эсептейт.

Сын жана жооп

16-ноябрда жарыяланган билдирүүдө Байсаловдун "жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер катары айткан сөздөрү кооптонуу жаратып жатканы" белгиленген.

"Жарандык коомдун өкүлдөрү мындай жараяндарга (мыйзам долбоорлорун талкуулоо-ред.) дайыма активдүү катышып келгени жөнүндө толгон-токой мисал келтирсе болот. Жарандык коом өкүлдөрү жаңы Баш мыйзамды жазган Конституциялык кеңешменин курамында иштеди, 350дөн ашуун негизги мыйзам анализделип жаткан инвентаризация ишине активдүү катышууда. Бейөкмөт уюмдар бийлик үчүн аналитикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жогорку квалификациялуу изилдөөлөрдү дайыма уюштуруп турат. Байсалов "чындыкка дал келбеген маалымат таратып", "кызматтык этиканы жана адеп-ахлактык жүрүм-турум эрежелерин бузуп жатат", - деп айтылат "Адилет" укуктук клиникасынын билдирүүсүндө.

15-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Бир дүйнө – Кыргызстан" уюму уюштурган талкууга катышып, Кыргызстандагы жарандык коомдун азыркы абалы тууралуу сын пикирин айткан.

Ал жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзамдарды талкуулоого активдүү катышпай, качан гана мыйзамдар кабыл алынып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн учурда көңүл буруп жатканын билдирген. Жарандык уюмдар бийлик менен кызматташкысы келсе эң ириде конфронтациялык маанайдан баш тартышы зарылдыгын, "хайп" жана жеңил атак издегендер бейөкмөт уюмдардын атын жамынбай, түз саясатка барышы керектигин белгилеген.

Эдил Байсалов "Адилет" укуктук клиникасынын билдирүүсүнө мындай жооп берди.

"Мен бейөкмөт уюмдарга сын айтканга укуктуумун. Анткени мен убагында күрөшүп, бейөкмөт уюмдарды ушундай деңгээлге чыгаргандардын биримин. Ошол учурда унчукпай, авторитардык мамлекетте үн чыгарбай гранттарды жеп жүргөндөр, азыр кыйын болуп чыгып жатканы менин жетишкендигим деп эсептейм. Мен мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берген каналдарды пайдаланбаганына ичим күйүп айттым. Анткени коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорлорунун 99% бейөкмөт уюмдардан дагы, жарандардан дагы жазуу түрүндө сунуш келбейт экен. Бул факт. Чолпон Жакупова экөөбүз бир канча жылдан бери айтышып келе жатабыз. Менин оюмча, бул уюм эл аралык акчаны саясий максатта пайдаланат. Мен муну өкмөткө келгенде гана айткан жокмун. Мурун укук коргоочу катары дагы айтчумун. Бул уюм жакыр, кембагал, акчасы жоктордун укугун коргошу керек. Саясий фигураларга, бай адамдарга акча кетирип, аларды даңазалоону ошол эле эл аралык уюмдардын мамлекеттик ишке аралашуусу катары бааласа болот дегенди 10 жылдан бери айтып келем".

"Адилет" укуктук клиникасы билдирүүсүндө "Эдил Байсалов эгер "бир клиника" деп бизди айтып жаткан болсо, анда ал сөзү чындыкка дал келбейт", - деп эсептейт.

"Адилет" укуктук клиникасы түзүлгөн 2002-жылдан бери 33 миң юридикалык колдоо, 5 миңден ашуун кардардын укугун коргоо боюнча конкреттүү иштер, 30 миңден ашуун адамга жарандык алуу жана документ толтуруу боюнча укуктук жардам көрсөтүлдү. Укуктук жардам акысыз, калктын бардык аялуу катмарына, качкындарга, журналист, блогерлерге, сөзү үчүн куугунтукка кабылгандарга, укук коргоочуларга жана социалдык тармактын колдонуучуларына көрсөтүлөт".

Жарандык коомдон чыккан чиновник

Эдил Байсаловдун жарандык коом тууралуу айтканын сындагандар анын өзү убагында бейөкмөт уюмдарда иштегенин эске салууда.

Эске салсак, Эдил Байсалов 1999-2002-жылдары "Демократиялык жана жарандык коом" коалициясынын жетекчисинин орун басары, 2002-2007-жылдары коалициянын жетекчиси болуп иштеген.

"Адилет" клиникасы Байсалов менен 2007-жылы (шайлоо бюллетенинин сүрөтү Интернетке жарыяланып, мамлекетке 11 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылган) жана 2017-жылы (тынчтык маршындагы чагым) иштешип, жардам берген тажрыйбасын да эске салган.

Саясий ишмер Адил Турдукулов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен "Адилет" укуктук клиникасынын кайым айтышы тууралуу мындай оюн ортого салды.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Мамлекеттин атуулдук коомго карата саясаты болуш керек, анткени буга чейин саясаты болгон эмес. Ошол саясат кандай, кайсы нукта болушу зарыл деген талкуу жүрүш керек. Социалдык буйрутма дегени туура, анткени мамлекет өзү саясат жүргүзбөсө, тышкы оюнчулар мамлекеттик ишке кийлигишет. Бирок азыркы учурда мамлекет кейиштүү абалда, туруктуу буйрутма берүүгү компетенциясы жок. Бийликтин көзүн караган бейөкмөт уюмдар түзүлүп калабы деген күмөн ой бар. Ал эми "Адилет" клиникасы боюнча өкмөт өкүлүнүн дооматы негизсиз".

"Олигархтар" менен депутат болгон укук коргоочу

"Адилет" укуктук клиникасын 2002-жылдан бери мурдагы тарых мугалими жана юрист Чолпон Жакупова жетектейт.

2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, бир жылдан кийин депутаттык мандатын тапшырып берген.

Журналист Нарын Айып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жарандык коомго болгон сынында чындыктын үлүшү бар деп эсептейт.

Нарын Айып
Нарын Айып

"Бир чети Эдил Байсаловдун айтканы туура. Саясатка аралашабыз десеңер бейөкмөт уюмдун атын жамынбагыла деп жатат. Анткени 30 жыл мурда бейөкмөт уюмдар түзүлүп жатканда маанайы жана максаты такыр башка болчу. Азыр алардын бардыгы байып, кээ бири олигарх болуп кетпедиби. Дайыма чет мамлекеттерде жүрөт, саясатка барып кайра келет, бийлик менен тең таймашып, эмне болсо дагы сындайт. Ошондуктан 100 пайыз болбосо дагы жарымы туура. Бийлик кызматташалы, чет өлкөнүн акчасы менен жашап өз мекениңерди сындап, жамандай бергениңер болбойт деп жатат. Керек болсо өзүбүз каржылайбыз деп жатат. Бирок мындай мурда дагы болгон. Акаевдин учурунда кол бала бейөкмөт уюмдарды түзүп, эки тарапты кагылыштырып койгон. Ошондуктан жарандык коомдо жүргөндөр максатын так билсе туура болот эле".

Бейөкмөт уюмдар реформага муктажбы?

Жаңы министрлер кабинетинин жарандык коом, бейөкмөт уюмдар боюнча позициясын билдирип, мындан аркы саясатын ачыктоосу кайым айтыш менен катар кызуу талкууга жем таштады.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай 2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин бейөкмөт уюмдар тууралуу мурдагы бийликтердин тушунда кабыл алынбай келген мыйзамдар ишке киргенин эске салып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын сөзүн жаңы бийликтин жарандык коомго мамилесинин күзгүсү катары баалады.

Алмаз Тажибай
Алмаз Тажибай

"Кыргызстан эл аралык уюмдардын алдында жарандык коом үчүн шарт түзүп бергенге милдеттенмелерди алган. Бирок тилекке каршы, акыркы убакта жарандык коомду кысымга алыш үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатат. Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектеген дагы мыйзам кабыл алынды. Жарандык коом менен иштешүүнүн ордуна вице-премьер-министрлик даражадагы адамдын минтип айтканын куугунтук, басым катары бааласа болот".

Президент Садыр Жапаров ушул жылы бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу" мыйзам долбоору да жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Президент мурдагы бийлик тушунда кол коюлбаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга дагы кол койду. Мыйзамды бир нече эл аралык уюмдар сындап, сөз эркиндиги, оюн эркин билдирүү сыяктуу укуктар чектелерин белгилеп келишет.

Саясат талдоочу Игорь Шестаков жарандык коомдун айланасындагы талаш-тартыштарга мындай пикирин билдирди.

"Бейөкмөт уюмдардын темасы биздин өлкөдө өтө маанилүү. Анткени бизде жарандык коомдо иштеген адамдар өтө көп. Мурдагы президент Аскар Акаевдин "Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын өлкөсү" деп айтканы бар. Эдил Байсалов өзү бейөкмөт уюмдан чыккан адам. Ал бул тармакты ичинен билген адам катары, айрым бейөкмөт уюмдар грантты максатсыз коротуп жана саясат менен гана алек болуп жатканын билсе керек. Менимче, ал кайрылуусунда ушуну айтайын деди. Менин оюмча, бул талаш-тартыш анын имиджине көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Бирок ал көтөргөн көйгөйлөр актуалдуу. Бейөкмөт уюмдарды реформалоо мезгилдин талабы. Ал кандай болуш керектиги ушундай талкуу, диалогдордон кийин болуш керек”.

Алыскы Америка жана Жакынкы Чыгыш

Министрлер кабинети мамлекет жарандык уюмдардын чыгымдарын жаап берүүгө жыл сайын чамасына жараша көбүрөөк каражат бөлүп турарын билдирди. Ошондой эле, өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекет акча бөлө турганын, сапаттуу журналистикага жана активдүү прессага бийлик кызыкдар экенин белгилеп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 15-ноябрдагы кайрылуусунда бейөкмөт уюмдарды көзөмөлсүз тыштан каржылоого чекит коюуга мезгил жетти деп, ал алыскы Америкабы же Жакынкы Чыгышпы, айырмасы жок деген пикирин билдирди.

Саясий эксперт Эсенбек Өмүракунов мамлекеттик чиновник бейөкмөт уюмдар тууралуу сүйлөп жатып, Жакынкы Чыгыштан келген акча каражаты тууралуу айтканы жаңылык экенин айтат.

Эсен Өмүракунов
Эсен Өмүракунов

"Батыштан каржыланган уюмдар сыяктуу эле Жакынкы Чыгыштан каржыланган уюмдар, фонддор дагы каржысы тууралуу ачык көрсөтүш керек. Бирок көбүнчө ачык көрсөтпөй келишет. Диний майрамдардын тушунда жардам беришет, көчө-көчө үйлөрдү салып жатат. Албетте, жакшы иштерди жасап жатат, бирок бул дагы саясий таасир да. Мамлекеттин ички ишине, коомдук пикирге таасир этип жатат. Ошол эле Түркия ар кандай фонддор аркылуу жүргүзгөн иштерди көзөмөлдөй албайбыз. Араб фонддору жасаган иштерди биздин саясатчылар пиар катары колдонуп жатканын көрүп жүрбөйбүзбү. Кээ бир таасирдүү бийлик адамдары фонддорго жүктөнүп, минип алганын көрүп атпайбызбы".

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени тууралуу расмий маалымат жок, алар 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG