Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

HRW: Мигранттардын оор абалына Минск менен Варшава жооптуу


Беларус-поляк чек арасында турган мигранттар.
Беларус-поляк чек арасында турган мигранттар.

Башпаанек издеп, чек арада камоодо калган адамдардын оор абалы үчүн Беларус менен Польша бирдей жооптуу деди Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму.

Штаб-квартирасы Нью-Йоркто жайгашкан HRW эл аралык адам укугун коргоо уюму беларус-поляк чек арасында бир айдан ашуун убактан бери ары же бери кете албай, аргасыз абалда камалып турган адамдардын тагдыры тууралуу 24-ноябрда баяндамасын жарыялады.

"Зомбулук учурлары эки жакта тең катталды"

Укук коргоочулар тобу Беларус менен Польшада болуп, чек арадагы туңгуюк абалга тушуккан 19 мигрантты кепке тарткан.

"Биз ары барсак поляк чек арачылары, бери келсек беларус күчтөрү ары-бери түрткүнчүк кылып, аябай жүдөтүштү. Мында жөнөкөй эле адамгерчиликти табуу кыйын. Кээде зомбулук көрсөткөн учурлар болду. Бул жерде бир нече күндөн бери ачык асман алдында турабыз. Барган сайын күн суук болуп, балдар ооруп жатат. Биздин абалды сураган эч ким жок", - дейт ирактык күрд мигранты Хаас Ибрагим.

Баяндамада поляк чек арачылары мигранттарга ырайымсыз күч колдонуп, артына кайтарган мисалдар бар.

“Ал эми ошол эле кезде Беларустагы адамгерчиликсиз жана кемсинткен мамиле кадыресе көрүнүшкө айланды”, - деп белгиледи HRW эл аралык адам укугун коргоо уюму.

Изилдөөчүлөрдүн бири Лидия Галл "Беларус оор кесепеттерин карабай, ушул абалды түзгөнү үчүн, Польша чек арадагы мигранттардын азап-тозогу үчүн жоопкер" экенин айтты.

Варшаваны түйшөлткөн кризистер

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки болсо, өлкөсү бир нече оор кризистерге тушугуп, алдыда коопсуздук маселеси турганын ачык айтты.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки.

"Биз бир эле учурда бир нече кризиске туш болуп жатабыз. Баарынан мурун чек арага Жакынкы Чыгыштан мигранттарды алып келип, аларды тирүүлөй калкан катары колдонгон саясий кризис. Экинчиден, энергетикалык кризис. Евробиримдиктин климаттык саясаты менен байланыштуу жасалма түрдө түзүлгөн газ кризиси. Үчүнчүдөн, биз азыр Орусиянын Украинага жакын аймактарында аскердик күчтөнүүсүн көрүп жатабыз", - дейт Матеуш Моравецкий.

ЕБ чиеленген маселени кантип чечет?

HRW уюмунун маалыматында, быйыл августтан бери миңдеген киши, негизинен Сирия, Ирак жана Йемендин жарандары Минскиге Жакынкы Чыгыштагы Беларустун туристтик агенттиктери аркылуу учуп келишкен.

Адам укугун коргоо уюму ал жактагы адамдарды Европага кирүүнүн оңой жолун сунуштап, жазгырып, Беларуска чейин чоң акчага авиабилет сатып, анан аларды аргасыз абалда калтырган тараптар аныкталып, аларды жазага тартуу керектигин белгиледи.

Евробиримдик “Минск өткөн жылдагы талаштуу шайлоодон кийин киргизилген санкцияларга жооп кылып, мигранттарды Польшага жана Литва менен Латвияга кирүүгө түртүп жатат” деп айыптоодо.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон кырдаалды кылдат жөнгө салууну сунуштады.

Эммануэл Макрон, Франциянын президенти.
Эммануэл Макрон, Франциянын президенти.

"Биздин стратегия тилектештик жана Европанын чек арасын биргелешип коргоо. Беларус жактан болгон гибриддик чабуул аркылуу туруксуздаштыруу аракеттерин айыптайбыз. Үчүнчү өлкөлөрдөн токтобой келип жаткан мигранттар агымын токтотуу жана кайтаруу. БУУнун качкындар иштери боюнча башкармалыгы жана Эл аралык миграция уюмунун алдында Беларуска келип алгандарга кам көрүп, үйлөрүнө кайтышына гуманитардык жардам уюштуруу милдети турат. Бул багытта мына ошентип иштегенде Европа чиеленген маселедеги көз жазгыруунун барымтасында калбайт", - деди француз лидери Эммануэл Макрон.

Адам өлүмү үчүн жоопкерчилик кимде?

Александр Лукашенко анын коопсуздук күчтөрү мигранттарга чек арага барууга жардам бериши мүмкүн экенин айтып, бирок аларды Беларуска атайын алып келгенин четке какты.

"Мен аларды бул жакка чакырган жокмун", - деди Лукашенко Би-Би-Сиге курган маегинде.

Ал эми HRW укук коргоо уюму миграциялык кризистин башынан бери чек арада кеминде 13 адам эки тараптан тең адамгерчиликке жатпаган мамиленин айынан каза тапканын каттоого алган.

Укук коргоочулар мигранттардын токойдо жана саздак жерде жашап, суукта дарыяны кечип, бир нече күн, ал тургай жумалап тамак-ашсыз, суусуз калган оор окуяларын угушкан. Мындан сырткары укук коргоочулар тобу Беларстун аймагында Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарга тамак-аштын баалары бир нече эсе жогору баада сатылып, оор жагдайда калган адамдарга жардам көрсөтмөк тургай, аларга кысым көрсөтүп, кодулаган учурларды каттаган.

HRW адам укугун коргоо уюму Минск менен Варшава экөө тең түзүлгөн жагдайга жооптуу экенин, ошондуктан чек арада калган адамдарга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздап, мындан аркы адам өлүмүн алдын алууга милдеттүү экенин эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG