Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Минск: мигранттардын бир тобу артка кайтты


Беларустун Минск аэропортунда ирактык мигранттарды эвакуациялоо үчүн келген учак.
Беларустун Минск аэропортунда ирактык мигранттарды эвакуациялоо үчүн келген учак.

Беларустан Польшага өтүүнү көздөп чек арада турган мигранттардын бир тобу артка кайтып, мекенине учуп кетти.

Анткен менен чек арадагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Чек ара тилкесин күч менен кесип өткөн 200дөй мигрант Польшада кармалганы кабарланды. Варшава чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга үч күн убакыт берип, Минскиге ультиматум койду.

Польша аркылуу Евробиримдикке өтүүнү көздөп, Беларуста топтолуп, анда бир канча күндөн бери турган Ирактын Түндүк Күрдстан автономиясынан барган мигранттардын бир тобу кайра артка кайтты.

Ирактын Тышкы иштер министрлиги 18-ноябрда мекенине кайтууга макул болгон 431 жаранын Минскиден түштөн кийин атайын эвакуациялык рейс менен алып учуп кеткенин билдирди.

Мигранттарды үйүнө жеткирген учак алгач Ирактын Күрд автономиясынын Эрбил шаарына, андан ары карай баш калаа Багдадга учары айтылды. Беларуста топтошкон мигранттардын көпчүлүгүн Жакынкы Чыгыштан, келгендер, айрыкча ирактык күрддөр түзөт. Алар Беларуска учуп келип, андан Евробиримдиктин аймагына кирүүнү көздөгөнү белгиленген.

Мигрант Хоги Рахман Литванын чек арасына эки ирет өтүүгө аракеттенип, бирок ишке ашпай калганын, ошондуктан достору менен үйүнө кайтууга аргасыз болгонун айтты:

"Биз кээ бир досторубуз менен мекенибизге кайтып жатабыз. Аба ырайы бузулуп, суук чынында чыдоого мүмкүн болбой калды. Беларус полициясы бизге абдан начар мамиле кылды. Литванын чек арачылары бизди өткөзбөй, ар түрдүү жол менен бизге каршы болушунча күрөштү. Биз Беларуска мыйзамдуу негизде эле келген болчубуз. Литвага өтүүгө эки ирет аракет кылдык. Болбоду. Ошондуктан кайра үйгө кетүүнү чечтик", - деди ирактык күрд мигранты.

Беларустун аймагындагы мигранттардын айрым топтору артка кайтып, Иракка, үйүнө кетип жатканы менен беларус-поляк чек арасындагы кырдаал оор бойдон калып жатканы айтылды.

Польшанын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Анна Михальска мигранттардын бир тобу 18-ноябрда эртең менен Дубичи айылындагы чек араны күч менен кесип өткөнүн билдирди:

"Бизде тогуздардын айланасында чек араны кесип өтүүгө эң ири аракет жасалды. Беларус тараптан 500дөй адам топтолуп келип, анын ичинен 200дөй киши чек арадан ичкери кирип, качып өтүп кетишти. Бирок чек арачылар полициячылар жана аскерлердин жардамы менен алар Польшанын аймагынан кармалып, токтотулду", - деди Анна Михальска.

Польша полициясы 100дөй мигрант кармалып, артка кайтарылганын, качып баратканда жыгылып, жараат алган беш киши ооруканага түшкөнүн кабарлады. Варшава мигранттардын чек ара аймагын басып киришине Минскини айыптады. Беларус болсо суукка чыдабаган мигранттардын чек араны жарып өткөндөн башка аргасы калбаганын жүйө келтирди.

Александр Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт немис канцлери менен сүйлөшүүдө мигранттар үчүн гуманитардык коридор ачуу тууралуу сөз болгонун айтты:

"Ангела Меркел менен биринчи жолку сүйлөшүүдө президент төмөндөгүдөй механизмди сунуштады. Евробиримдик лагерлерде турган 2 миң качкын үчүн гуманитардык коридор түзүүгө тийиш. Ал эми биз бул жактагы калган 5 миң качкынга эгер алар кааласа, үйүнө кайтканга көмөк көрсөтүү милдетин мүмкүнчүлүккө жараша өзүбүзгө алабыз. Ал эми Ангела Меркел Евробиримдик менен бир топ маселе боюнча, анын ичинде Германияга гуманитардык коридор уюштурууну камтыган сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган болду".

Бирок Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехафер анын өлкөсү чек арада турган мигранттарды кабыл албай турганын билдирди. Ал Ангела Меркел менен Александр Лукашенконун ортосунда бул тууралуу макулдашуу болбогонун, Минск жалган сүйлөгөнүн ашкереледи.

Ал эми ошол эле кезде Варшава Беларус мигранттарга байланыштуу кырдаалды жөнгө салбаса, Кузницедеги темир жол өткөрмөсүн жабарын эскертип, үч күн убакыт берип, Минскиге ультиматум койду. Беларус-поляк чек арасында миграциялык кырдаал курчугандан бери кеминде сегиз мигрант ар кандай жагдайда көз жумду.

Алданган мигранттардын чек арадагы азабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:45 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG