Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Mandiant Минскинин хакерлерин аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык киберкоопсуздук боюнча изилдөөчүлөр НАТОнун чыгыш европалык мүчөлөрүнө каршы хакердик чабуулдар менен жалган маалыматтарды тараткан хакердик топту аныктады.

Ошондой эле ал хакердик топтун беларус өкмөтү менен байланышын көрсөткөн далилдер табылганын жарыялады. Хакерлердин ишмердиги окуяларды чаташтырып бурмалоо, кастыкты жана пикир келишпестикти жайылтууга багытталганы аныкталганы кабарланды.

НАТОнун мүчөлөрү киберчабуулдарга дуушар болду

АКШдагы Mandiant киберкоопсуздук боюнча компаниясынын изилдөөчүлөрү НАТОнун чыгыш европалык мүчөлөрү - Польша, Украина, Литва жана Латвияга каршы Минскинин киберчабуулдарды жүргүзүү боюнча тымызын саясатын колдогон иш-аракеттерди каттады.

"UNC1151" деген хакердик топтун беларус бийлиги менен байланышы аныкталып, анын Ghostwriter деген киберчабуулдан турган маалымат өнөктүгүнө техникалык колдоо көрсөткөн далилдер чыкты. Бул тууралуу Mandiant киберкоопсуздук компаниясы баяндамасын жарыялады.

“Бул биз киберкоопсуздук боюнча эмне иш жасап жатканыбыздын өзгөчөлүгү. Бул жерде киберчабуулдарды аныктоо жана бөгөттөө үчүн коркунучтун каяктан экенин алдын ала билүүнүн кереги жок. Анын бардыгын биз иштеп чыгып, колдонгон программалык камсыздоо өзү таап чыгат. Биздин DHS башка агенттик тармактарда көбүрөөк анализ жүргүзүп жаткандыктан, башка жактан бузуп кирүү учурларынын далилдерин да таба алат. Демек, аныкталган байланыштар бул - айсбергдин бир эле учу болушу мүмкүн. Биз муну билебиз”,- деди киберкоопсуздук боюнча адис-аналитик Ануп Гуош.

Хакерлердин беларус чалгын кызматтары менен алакасы

Mandiant киберкоопсуздук компаниясынын отчету боюнча беларус бийлиги менен байланышы бар хакерлер тобу киберчабуулдардан сырткары, оппозицияны аңдыган, жеке маалыматтарын уурдаган иштер менен алектенгени аныкталган.

Бул топ Германиядагы Бундестагдын айрым депутатарына каршы дагы кибертыңчылык уюштурганы боюнча кыйыр далилдер чыккан.

Mandiant компаниясы беларус өкмөтүнөн техникалык колдоо алып турган хакерлер тобу Минскиде иштегенин белгиледи. Бирок бул компаниянын аналитиктери "UNC1151" хакерлер тобун Беларустун атайын кызматтары менен байланыштарын ачыктаган эмес. Муну компания иштөө усулдары жашыруун сакталары менен түшүндүрдү.

Польшанын Улуттук полиция штабынын басма сөз катчысы Мариоош Чиярка чек арадагы окуяларда чагым уюштуруу жана аларды башкача нукта көрсөтүүдөгү беларус атайын кызматтарынын ролун атады.

"Козголоң чыгарган мигранттардын арасында атайын беткапчан чагымчыл топтор көп болду. Алар мигранттар эмес, беларус атайын кызматтарынын кишилери экенин күбөлөндүрүп турат. Биз тарткан сүрөттөрдө алардын тышкы европалык келбети көрүнүп турат. Алар беларус кызматтарынын өкүлдөрү деген жыйынтык чыгарууга болот", - деди Мариош Чиярка.

Беларус-поляк чек арасындагы европалык түспөлдөгү чагымчылар.
Беларус-поляк чек арасындагы европалык түспөлдөгү чагымчылар.

Минскинин кызыкчылыгын колдогон Ghostwriter өнөктүгүн жүргүзгөн хакерлердин иши 2017-жылдан бери башталганы көрсөтүлгөн.

Андагы “НАТО Литвадан чыгат” жана “Литвадагы өзөктүк калдыктар Польшага коркунуч туудурду” деген жалган жоромолдор Евробиримдиктин ыркын бузууга багытталганы белгиленди.

Mandiant буга Москванын катышын аныктаган түз далилдер жоктугун жазды. Бирок Германиянын башкы прокурору быйыл сентярь айынын башында немис саясатчыларына каршы киберчабуулдарды иликтей баштаган.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги буга Москваны айыптаган. Кремл бул дооматтарга азырынча комментарий бере элек. Mandiant киберкоопсуздук компаниясынын отчету Минскиге жаңы санкциялар даярдалып жаткан маалга туура келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG