Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Кумтөрдө алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо башталды


“Кумтөр Голд Компани” ишканасы.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасы.

“Кумтөр Голд Компани” алтын ылгоочу фабриканын ар кандай участкаларын модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке киргизди. Аталган ишкананын расмий сайтындагы маалыматка караганда, “Кумтөр” кениндеги фабрика 1996-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери компания жабдууларды сактоо жана алардын пландык ремонту менен гана алектенген.

Адистер алдыда боло турган өзгөрүүлөрүн "мини технологиялык төңкөрүш" деп атап жатышат.

"Биринчи кезекте моралдык жактан эскирген флотациялык машиналар алмаштырылат. Жаңы түзмөктөр толук автономдуу болот. Натыйжада алтынды рудадан ылгап алуу пайызы кыйла жогорулайт. Бийик өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишкенден тышкары модернизациялоонун максаты айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу", - деп түшүндүрөт “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын технологиялар боюнча корпоративдик директору Канат Курманов.

Адистердин тобу квалификациясын жогорулатуу максатында Казакстандан окуп келишти, жакында Москвага барышат.


Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган. Андан бери кендеги талаш уланып келет.

"Центерра" компаниясы кенды башкаруу Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин билдирүүдө. Кыргыз тарап бул маалыматты четке каккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" "Кумтөр Голдду" башкарууну кыргыз тарап өз колуна алгандан бери төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айткан.

Кумтөр кенинин айланасында кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд" компаниясы өткөн жума соңунда кайрадан кайым айтышты. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда билдирүү таратып, “Центерра Голд” Кумтөр кенин көзөмөлдөн чыгарганын моюнуна алууга аргасыз болгонун жарыялаган.

"Центерра" кыргыз өкмөтүнүн аракетинен улам Кумтөр кенин көзөмөлдөн чыгарганын белгилеген жана аны "басып алуу" деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG