Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Окумуштуу археологиялык изилдөөлөрдү каржылоого мамлекетти чакырды


Тарых музейиндеги байыркы тыйындар.
Тарых музейиндеги байыркы тыйындар.

35 жылдан бери Кыргызстан археологиялык изилдөөлөрдү каржылабайт. Бул жагынан Кыргызстан дүйнөдөгү жалгыз мамлекет экенин тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кубат Табалдыев "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда билдирди.

Анда беш жылдык тыныгуудан кийин көрүүчүлөргө кайрадан эшигин ачкан Улуттук тарых музейи, анын илимий-изилдөө борборуна айландыруу, мазмунун байытуу маселелери талкууланды.

"Өзүбүз катышкан Кочкордогу 1987-жылдагы изилдөө совет мезгилиндеги акыркы изилдөө болуп калды. Археологиялык эстеликтерди сактоо боюнча да атайын уюму жок жалгыз мамлекет – Кыргызстан. Музейдин өзүнүн археологиялык, этнографиялык экспедицияларын уюштуруп, экспонаттарды топтоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтиш керек. Улуттук деген макам илимий изилдөө жүргүзөт, китеп чыгарат дегенди билдирет. Музей ачылды деген иш бүткөнүн түшүндүрбөйт. Бул иштин башталышы", - деди Табалдыев.

Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей 19-ноябрда салтанаттуу ачылган. Жарандарды 20-ноябрдан кабыл ала баштаган.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Немис адистери аларды заманбап технологияда жасалгалап, экспонаттар мултимедиалык жабдууларга туташкан.



2016-жылы оңдоо үчүн жабылган музей коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу ушул күнгө чейин ачылбай турган.

Жаңы ачылган музейде 2010-жылдагы апрель окуясы тууралуу маалымат абдан аз экенин сындагандар болууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы апрель окуясы боюнча маалыматтар "Ата-Бейиттеги" атайын музейге коюлганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG