Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Темирлан Султанбеков УКМКда болуп чыкты


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча кайрылып, УКМК кызматкери ал менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча Темирлан Султанбеков УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугууну өтүнгөн. Бирок шайлоо алдында ар кандай манипуляцияга жол бербеш үчүн Камчыбек Ташиев талапкерлерди жеке кабыл албай турганы айтылат.

Коопсуздук комитети Социал-демократтар партиясынын лидери шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан менен расмий кайрылуудан баш тартканын кабарлайт.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков УКМК тараткан маалыматка “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

Султанбековдун айтуусунда Ташиевдин атын жамынган адамдар партиянын талапкерин шайлоодон баш тартууну талап кылып коркутуп жатат. Мындан улам бул окуянын чын-бышыгын билүү үчүн ал Камчыбек Ташиевден жеке кабыл алууну суранган.

Социал-демократтар партиясынын лидери Султанбеков атайын кызматтын башчысы таза, калыс шайлоо өткөрүүгө берген убадасы аткарылбай жатканын билдирет.

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Социал-демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Ага себеп атайын кызматтын Момбековдун 2003-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн диплому жасалма экени тууралуу билдирмеси себеп болду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер ат салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG