Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 70 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2734 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 70 адамдан табылды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 23
  • Чүй облусу – 21
  • Ош облусу – 6
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 7
  • Баткен облусу - 3

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашты. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 67 адам. Инфекция жугузгандардын 177 миңден көбү сакайды.

Азыр ооруканада 457 бейтап жатат, дагы 579 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада эмдөөдөн 12,5 миңден ашуун адам өттү, алардын теңинен көбү биринчи дозаны алган. Эмдөө алган жарандардын саны Кыргызстан боюнча 2 миллионго жакындады.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG