Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Момбеков БШКнын чечимине каршы сотко кайрыларын билдирди


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Социал-демократтар" партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилгенине байланыштуу сотко арызданарын билдирди. 24-ноябрда ал видеокайрылуу жасап, бийликти сындап келаткандыктан кысымга кабылганын айтты.

Мурдараак Момбековду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоодон четтеткен. Буга анын диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду.

Ушул күнү Таласка шайлоочулар менен жолугушууга бараткан жеринен Бишкекке кайткан саясатчы конституциялык укугу бузулганын айтууда:

"Алардын чечими эч кандай мыйзамга сыйбаган абийирсиз чечим болуп калды. Бул мага болгон саясий куугунтук, саясий кысым".

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Аталган университеттин адистери да ага диплом берилгени тууралуу архивдик материалдарда документтер жоктугун билдиришкен.

Саясатчынын өзү муну кескин четке кагып келет.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. "Ата Мекен" партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG