Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

БШК Момбековду шайлоодон четтетти


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Бул тууралуу чечимди БШК 24-ноябрдагы отурумунда кабыл алды.

БШК мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивде документтер табылбаганын билдирген.

Момбеков көрсөткөн дипломдун каттоо номери 2003-жылы бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча башка адамга берилгени аныкталганын кошумчалаган. Ошондой эле, министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан, жогорку билими тууралуу экинчи диплому мыйзамсыз деп саналарын түшүндүргөн.

Социал-демократтар партиясынын өкүлү диплом боюнча маселе сотто каралышы керектигин айтып, чечим чыкканча Момбековдун шайлануу укугун чектебей турууга чакырды.

Буга чейин атайын кызмат Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков 2003-жылы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгонун жарыялаган.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке кагып келет. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.

Рыскелди Момбеков – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынан талапкер болуп бараткан.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. "Ата Мекен" партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG