Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Тергөө абагындагы Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын токтотту


Гүлзат Мамытбек.
Гүлзат Мамытбек.

Акыйкатчы институту Бишкектеги №1 тергөө абагында алдамчылыкка шек саналып камакта отурган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын токтотконун 24-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, институттун кызматкерлери 23-ноябрда Гүлзат Алымкуловадан (Мамытбек) кабар алды. Ал буга чейин президентке жана мамлекеттик ар кайсы органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразылыгын билдирип 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.

Сүйлөшүү учурунда тергөө абагынын башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып жана документтеринин көчүрмөлөрүн көргөзгөн.

"Мамытбек Акыйкатчынын өкүлү менен жолукканда өзүн жакшы сезип жатканын, мекеменин администрациясына эч кандай доосу жок экенин билдирди. Ал 23-ноябрда ачкачылык акциясын токтотту", - деп айтылат маалыматта.


Коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулова Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен шек саналып жатат.

Ал 25-октябрда Кыргызстанга кайтып келгенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Милициянын маалыматы боюнча, ага каршы арыз менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG