Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Түркияда лиранын куну түшүп, нааразылык күчөдү


Түрк лирасы
Түрк лирасы

Түркияда улуттук валютанын куну качып, экономикалык кризиске өкмөттү күнөөлөгөндөр нааразылык акцияларга чыгышты. Бир лира АКШ долларына карата 15% арзандады. Айрым экономикалык эксперттер буга президент Режеп Тайып Эрдогандын саясаты алып келгенин айтышат.

Президент Борбордук банктан үстөк пайызды азайтууну талап кылып, муну менен экспорттун өсүшүнө, инвестициялардын, жумуш орундарынын көбөйүшүнө жетсе болоорун айтып келди. Бирок оппозиция мындай чара инфляцияны күчөтүп, элдин бакубатчылыгын кыйындатат деп эсептейт. Президенттин сынчылары бүгүнкү абалга түздөн-түз аны күнөөлөп жатышат.

Акыркы 11 күндөн бери түрк лирасы 1999-жылдан берки эң төмөн көрсөткүчтөрдү көргөзүп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG