Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

БШК: Бир мандаттуу округдарда жалгыз талапкер калса да шайлоо өтөт


Өзгөн.
Өзгөн.

Бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанган талапкерлер алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, бир гана талапкер калса да добуш берүү узгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"Шайлоо мыйзамында жалгыз талапкер боюнча чектөө талапкерлерди каттоо учурунда гана бар. Эгер бир мандаттуу округдан шайлоого бир гана талапкер катталса, БШК ал жердеги шайлоону 25 күнгө жылдырат. Бирок бул этап бүткөн. 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттоо учурунда бир дагы округда жалгыз талапкер катталган эмес. Ал эми үгүт өнөктүгү учурунда талапкерлер шайлоодон баш тартып, жалгыз талапкер калса, шайлоо өтөт. Ал талапкерге каршылар “баарына каршы” деген графага добуш бере алат”, - деди БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева.

№12 Өзгөн шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан төрт талапкердин үчөө (Аалы Карашев, Манасмиң Жумакадыр уулу, Бакыт Бердалиев) талапкерлигин алып салышты. Учурда бул округдан мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жалгыз талапкер болуп калды.

Шайлоо өнөктүгү башталган 29-октябрдан бери 36 бир мандаттуу шайлоо округдардан 33 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. БШК бюллетень басылып чыгарылганга чейин шайлоодон четтеген 15 талапкердин күрөөгө койгон 100 миң сомун кайтарып берет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG