Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

ДССУ: Европада коронавирус дагы 700 миң кишинин өмүрүн алышы мүмкүн


Коронавирустан дарылаган бөлүм. Украинадагы оорукана. 18-ноябрь, 2021-жыл
Коронавирустан дарылаган бөлүм. Украинадагы оорукана. 18-ноябрь, 2021-жыл

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму Европада мартка чейин коронавирустан дагы 700 миң киши каза болушу ыктымал деп эскертти. Бир нече жумадан бери континентте инфекция жугузгандардын саны күн санап өсүүдө.

"Европанын 53 өлкөсүндө пандемия бир жарым миллиондон көп кишинин өмүрүн алып кетти, кыштын этегине чейин бул көрсөткүч 2,2 миллионго жетиши ыктымал", - деп билдирди 23-ноябрда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму.

Уюм кошумчалагандай, 1-мартка карай 49 өлкөдө реанимация бөлүмдөрү бейтаптарга толуп, дарыгерлерге чоң күч келери күтүлүүдө.

Сөз болуп жаткан аймакка Орусия, Түркия жана мурдагы советтик жумурияттар, анын ичинде Борбор Азияны да кирет. Адистер вирустун жайылышына эмделбегендердин көптүгү, вакцинанын коргоо мөөнөтүнүн аяктап баратышы себеп болгонун айтышат. Андан тышкары вирустун өтө жугуштуу дельта варианты жана кээ бир санитардык талаптардын алынышы да абалдын оорлошуна алып келүүдө.

Европа биримдигине калктын 67% толук эмделди, бирок чыгыш бөлүгүндөгү бир топ өлкөлөрдө эмдөө солгун жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG