Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Netflix кыргыздардын улуттук аңчылык өнөрү тууралуу даректүү тасма тартты


Америкалык белгилүү Netflix компаниясы кыргыздардын көчмөн маданиятына арналган даректүү тасма тартты. Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) долбоорунун алкагында ишке ашканын аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

"Биздин долбоордун алкагында Кыргызстанга Нидерланддан тасма тартуучу топ келип кеткен. Netflix компаниясынын буюртмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүктү чагылдырган даректүү тасма тартылды. Анын ичинде кыргыздардын улуттук аңчылыгы - Салбуурун жөнүндө баяндалат".

Тасма 2022-жылы жарыкка чыгат жана 150дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлөт.

Салбуурун – көчмөн аңчылыктын байыркы түрү. Мергенчилер мында алгыр куштар жана иттер менен аңчылык кылышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG