Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:41

Теледебат: Курултай жана “Акаев”, “Ташиев” темалары


Токтайым Үмөталиева, Болотбек Бийбосунов, Айбек Маткеримов жана Бактыбек Калмаматов.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебаттардын экинчи күнүндө дагы төрт партиянын лидерлери беттешти.

Алар “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан Жашылдар партиясы”, “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Азаттык” партиясынын өкүлдөрү. Талапкерлер программаларын тааныштыруудан сырткары анча-мынча айтыша да кетти. Атаандаштарын кээлери “бийликчил” десе, айрымдары “популист” деп баа беришти.

Курултай жана мыйзамдарды инвентаризациялоо

23-ноябрдын кечиндеги дебатта “Жашасын Кыргызстан” партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, “Кыргызстан Жашылдар партиясынын” талапкери Болотбек Бийбосунов, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов жана “Азаттык” партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов катышты.

Бир мүнөттүк кайрылуу жасагандан кийин эле алгачкы раунддун алкагында аларга курултай жөнүндө суроо берилди. “Жаңы Баш мыйзамда киргизилген бул институт менен Жогорку Кеңештин карым-катышы кандай болушу керек? Бири-бирине карама-каршы келбейби?” деген собол болду.

Токтайым Үмөталиева “курултай жергиликтүү бийликтин укугун коргоочусу болуш керек, өзүн-өзү башкаруу органдарынын бутагы катары кызмат кылыш” десе, Болотбек Бийбосунов “бул институтка да мыйзам чыгаруу укугун берүү керектигин, аларды эксперттик коомчулук катары колдонуу керектигине” токтолду. Айбек Маткеримов да ага каршылыгы жоктугун, “президент менен Жогорку Кеңеш курултайга жылына бир жолу отчёт берип турушу керектигин” айтты.

Бактыбек Калмаматов гана бул идеяга караманча каршы экенин, ал парламентти туураган орган болуп каларын сынга алды:

“Курултай институту бул бөйрөктөн шыйрак чыгаруу деген менен барабар. Бир өлкөдө эки кеңеш болушу мүмкүн эмес. Дал ошол аталарыбыздын кеңеши катары кызмат кылган курултай - азыркы Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңештин үч функционалдык милдетинин бирөө дал ошол өкүлчүлүк. Ага дагы 3 миң адамдан турган курултай түзүү бул максатка ылайык келбейт. Көрөсүңөр, курултай бийликтин камчысын чапкан кошоматчылардын ордосу болуп калат. Эгер бизде Жогорку Кеңеш турса, депутаттар эл тараптан шайланып келип жатса, курултай алардан кантип отчёт алат? 1 миллиондон ашык добуш алып келген президенттен отчёт алганга кандай укугу бар? Курултай президентти кетире албайт, парламентти тарката албайт. Анда ал эмне жумуш аткарат? Бул бизди саясий кризиске, саясий конфронтацияга жана башаламандыкка алып барат”, - деди ал.

Алып баруучулар андан ары Кыргызстандагы мыйзамдарды инвентаризациялоо тууралуу маселе коюшту. Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин анын демилгеси менен өлкөдө 350дөн ашуун укуктук-ченемдик актыларга инвентаризациялоо жүрүп жатканы белгилүү. Анын соңунда көп мыйзамдар ирилешип, айрымдары жоюлары айтылган.

“Азаттык” партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов бул өнөктүктү туура деп эсептей турганын айтып, өзү бир нече мыйзамдарды оңдоону жана кайра жазып чыгууну сунуштады. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов менен “Кыргызстан Жашылдар партиясы” партиясынын талапкери Болотбек Бийбосунов да ушул мааниде үн кошуп, өздөрү башка багыттагы мыйзамдарды аташты.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева азыр бул жумушту ишке ашырууга эртелик кыларын ортого салды:

"Азыркы учурда мыйзамдардын “башын алууга” алып бара жаткан топтордун жумушу мыйзамдык базаны жок кылууга алып келет. Эл аралык күчтөрдүн грантынын негизинде иштеп жаткан топ биздин мыйзамдарды карабаш керек. Бизде бийликке келгендер эл аралык коомчулуктун, же жергиликтүү саясий күчтөрдүн жана бизнес коомчулуктун кызыкчылыгы менен мыйзамдарыбызды улам-улам үзүп, жанчкысы келе берет. Керек болсо бандиттердин да кызыкчылыгын эске алып бирдеме кылышы мүмкүн. Ошондуктан билимдүү жана тажрыйбалуу адамдар парламентке келген сайын мыйзамдарды ревизия кылуу жана инвентаризациялоо тууралуу сөз да болбошу керек. Ошондуктан азыркы мыйзамдарды таландыга алуу аракетин токтотуш керек".

Санариптештирүү, парламенттин аброю жана бийликчил партиялар

Биринчи раундда мындан сырткары санариптештирүү жөнүндө тема көтөрүлдү. Бактыбек Калмаматов менен Айбек Маткеримов бул иштерди өлкөдөгү коррупция артка тартып жатканын айтышса, Токтайым Үмөталиева санариптештирүүнү ишке ашырууга сын көз менен карай турганын билдирди.

Болотбек Бийбосунов болсо өзү аталган тармактын адиси экенин айтып, мындай ойлору менен бөлүштү:

“Мен өзүмдүн илимий жана кесиптик кызыкчылыктарыма байланыштуу 40 жылдан бери информатика, информатизация жана биздин өлкөнү санариптештирүү менен алектенип жүрөм. Бизге велосипед ойлоп табыштын кереги жок. Нөлүнчү жылдардын башында БУУ өзүнө мүчө өлкөлөрдүн баарына “Бирдиктүү терезе” принцибин бекитип берген. Ал принциптин алкагында ар бир өлкө мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар үчүн автоматташтырылган системаны киргизиши керек. Жарандар аткаминерлер менен минималдуу контакт жасап, кызмат көрсөтүү алышы керек. Бул паракорчулукту жана коррупцияны азайтышы керек. Кыргызстанда бул иш жүрүп жатат. Бирок биз чет өлкөлүк компанияларга көз карандыбыз. Себеби виртуалдык мыйзамдык базабыз жакшы эмес, азыркы санариптик экономикага жооп бербейт. Алардын баарын иштеп чыгуу маселеси курч болуп турат”, - деди ал.

Дебатта мындан сырткары парламенттин аброю жөнүндө да кеп болду. Алып баруучулар талапкерлерден түз эле “Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүү үчүн эмне кылуу керек?” деп сурашты.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева бийлик шайлоону таза өткөрсө, добуштарды бурмалабаса, татыктуулар парламентке шайланып келерин, натыйжада анын кадыр-баркы өсөрүн айтып өттү. “Кыргызстан Жашылдар партиясынын” талапкери Болотбек Бийбосунов болсо “депутаттардын маяналарын шайлоочулардын кирешесине байлап коюш керектигин, ошондо парламенттин бюджети кыскарарын” кабарлады.

Токтайым Үмөталиева менен Болотбек Бийбосунов.
Токтайым Үмөталиева менен Болотбек Бийбосунов.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов Жогорку Кеңешти азыркы абалга “саясий коррупция” алып келгенин айтты:

“Партиялык система “партиялык коррупциялык схеманы” жаратты. Себеби, буга чейинки шайлоолордо жалаң акчалуулар, мамлекеттин казынасына кол салып, элдин акысын уурдагандар партиянын ичине кирип жатышты. Жергиликтүү тың чыкмаларды пайдаланып, бирок шайлоодон кийин арам акчаларын шайлоого жумшагандар келе берип, Жогорку Кеңештин кадыр-баркын түшүрүштү. Парламентти базарга айлантышты. Министрликтердин курамын бекитип жатканда соода кылышты, добуш сатып алган акчасын ошентип чыгарып алышты. Биз андай жат көрүнүштөрдөн алыс болобуз”,-деди Маткеримов.

Кыргызстан 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин парламенттик башкарууга өткөнү айтылган. Бул өкмөттү Жогорку Кеңештеги фракциялар түзгөнү жана кызматтан алганы менен түшүндүрүлгөн. Бирок ошондон берки саясий жагдай реалдуу чечимди баары бир президент кабыл алганын көрсөткөндөй болду.

2021-жылы жаңыланган Конституцияга ылайык президент аткаруу бийлигинин башында турары аныкталган жана өкмөттүн курамын да өзү сунуштай турган болуп калган. Парламент аны жөн гана бекитүүчү ыйгарым укукка ээ болуп калды. Бул жагдай коомчулукта Жогорку Кеңештин ролун азайтуу катары бааланып келет.

“Азаттык” партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов талаштын бул бөлүгүндө да азыркы бийликке карата сын-пикирлерин жаңыртты:

“Күчтүү президенттик башкарууда жашаган өлкөдө парламент азыркыдан артык боло албайт. Административдик ресурсту жең ичинен пайдаланганды токтотушубуз керек. Бүгүнкү бийлик дагы өткөн бийликтерден сабак алган жок. Азыр дагы күтүрөтүп 4-5 партия жетелеп баратат. Ал партиялар ошол “кожоюндардын” күчү менен утуп чыкканы жатат. Биз буга чейин мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун “Биримдик” же “Мекеним Кыргызстан” партияларын сындап жүргөн болсок, алардын арасында кайсы бир деңгээлде мамлекетчилдер бар болчу. Бүгүнкү бийликчил партияларда “кудайга тообо кылдым” дей турган талапкерлер баратат. Азыр шайлоочулардын сапаты билинет. Себеби силер партияны эмес, талапкерлерди тандап жатасыңар. Бул парламент президенттин жана элдин жүзү болот. Негизи парламент бийлик балансын сактайт, жалаң бийликтин партиялары өтүп келе турган болсо парламент кошоматчы болот”, - деп үн кошту талапкер.

Ташиев, Акаев жана Булекбаев темасы

Таймаштын 2-раундунда талапкерлер пенсия-жөлөкпул саясаты, энергетикалык кризис, партиялардын деңгээли, экология жана башка темалар боюнча бири-бирине собол салышты. Бул бөлүктө “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримовдун “Эгер парламентке өтсөңөр азыркы бийликти колдоп, бир туунун астында бириге аласыңарбы?” деген суроосу кызуу сөздөрдү жаратты.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “бийлик бизди колдосо биз бийликти колдойбуз” маанисинде жооп кылса, “Кыргызстан Жашылдар партиясынын” өкүлү Болотбек Бийбосунов “эгер бийлик жашыл экономикага негизделген саясат жүргүзсө, ага кол кабыш кылууга даяр экендиктерин” кеп кылды.

“Азаттык” партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов “Жогорку Кеңеш президенттин алдында турбаш керектигин, президенттин же өкмөттүн көзүн карабаш керектигин” эскертти. Маткеримов Калмаматовго кайрылып, ал суроону туура эмес түшүнүп алганын, “бийликтин астында эмес, бир туунун астында биригүү” жөнүндө кеп болгонун айтты. Ал атаандашын “шоу кылып, популизмге жол берип жатат” деди. Калмаматов кайра Маткеримовго сөз кайрыды:

“Мен Айбек мырзага жооп бербесем болбой калды. Айбек Маткеримов бараткан партия бул Камчыбек Кыдыршаевичтин партиясы экенин бүтүндөй Кыргызстан билет. Ал адам азыр бийликте отурган адам. Анан, ким жалтак экенин, ким кошоматчы экенин буюрса, парламентке өтүп келсек, көрөсүңөр. Бийликтин жардамы менен келген бир дагы партияны бийликке сын айтканын көргөн эмесмин. Андай болушу да мүмкүн эмес. Биз бийликтин эмес, элдин камчысын чапканды үйрөнүшүбүз керек. Сындаганды бийлик дагы туура кабыл алганды үйрөнүшү керек. Эгер сынды туура кабыл ала албаса бардык бийликтин акыры мурдагылардай эле бүтөт”, - деди Бактыбек Калмаматов.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын аталышы азыркы атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев башкалар менен чогуу негиздеген “Ата Журт” партиясы менен аты окшош болгону, Айбек Маткеримов былтыр Ташиев жетектеп барган “Мекенчилдин” тизмесинде болгону мурдараак бир топ түкшүмөлдөрдү жараткан. Бул жана башка жагдайлардан улам Ташиев да, Маткеримов да байланыштары жоктугун бир топ жолу айтканы бар.

Айбек Маткеримов соңку дебатта да бул жөнүндө төгүндөө жасоого аргасыз болду:

“Бул партия Камчыбек Ташиевге эч кандай тиешеси жок. Мен муну кесе айта аламын. Ошол эле мезгилде бизди бийлик же башка бир күчтөр алдына салып алып бараткан жок. Биз ар бирибиз өзүбүздүн эркибиз менен, өзүбүздүн акылыбыз менен баратабыз. Ким жалганчы экенин, ким кандай экенин убакыт көрсөтөт. Кооз сүйлөп, бийликке асылып, упай топтойм дегенден алыс бололу”, - деди ал.

Айбек Маткеримов менен Бактыбек Калмаматов.
Айбек Маткеримов менен Бактыбек Калмаматов.

3-раундда – шайлоочулардын суроолору берилген учурда да “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери боюнча суроо берилди. Ага жооп берип жатып, Айбек Маткеримов мурда “Ата Журт” партиясынын катарында жергиликтүү кеңештерге депутат болгонун мойнуна алды.

Токтайым Үмөталиевадан “Жашасын Кыргызстан” партиясынын тизмесинде эмне үчүн 21 эле адам бар экени суралды. Ал муну үчүн Борбордук шайлоо комиссиясын айыптап, калган талапкерлерди ар кандай себептер менен тизмеден чыгарып салганын айтты.

Быйыл жайда “Кумтөр иши” боюнча Кыргызстанга келген “алгачкы президент Аскар Акаевди эмнеге кучактап тосуп алдыңыз?” деген суроого Үмөталиева минтип жооп берди:

"Мен бул суроого кыска гана жооп берем. Мен биринчи президент менен учурашууга барганым, аны жөн гана урматтаганым. Ал куруп кеткен нерселер азырга чейин иштеп жатат. Кумтөр боюнча ал келди, көрсөтмө берди. Анын туура же туура эмес аракеттерине тергөө баа берет. Мен аны кучактап тосуп алганым, бул эми менин жаштыгым ошол кишинин президенттик тушунда өткөн. Видеодо көрсөтүлбөгөн жакта, ал мени көргөнүнө кубанганын билдирген”, - деди айым талапкер.

“Кыргызстан Жашылдар партиясынын” мүчөсү Болотбек Бийбосуновго шайлоочулардан таштандыларды кайра иштетүү, илим жана башка темалар жөнүндө суроолор болду. Мессенжерден кат жазгандардын бири “Жашылдар партиясынын” лидери Эркин Бөлөкбаев өзү бир мандаттуу округдан чыкканын белгилеп, “ал өзүнүн партиясына ишенбейби?” деп сураган. Бийбосуновдун ага жообу мындай болду:

"Эркин Бөлөкбаев 2004-жылдан бери партиянын лидери болуп саналат. Ал Чүйдүн Москва районунун тургуну болгондуктан “жашылдардын” курултайында аны бир мандаттуу округдан аттанттуу чечими кабыл алынган. Ал ошондуктан партиянын тизмесине кошулган эмес".

Партия лидерлеринин теледебаттары 22-ноябрь күнү башталган. Биринчи таймашка төрт топтун – “Аруузат – Эл Куту”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Альянс” партияларынын өкүлдөрү катышкан. 24-25-26-ноябрь күндөрү уланчу беттештерге төрттөн-бештен партиялардын лидерлери келмекчи. Жарышта 21 партия бар.

Мындан сырткары бир мандаттуу 36 округ боюнча шайлоого катышып жаткан 300дөй талапкер ушул күндөрү жергиликтүү телеканалдарда дебаттарга чыгышууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG