Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Европалык инвесторлор Кыргызстандагы табигый энергия долбооруна кызыгары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел жана Эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссары Жутта Урпилайнен менен 22-ноябрда жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда күн тартибинин негизги маселелери, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Брюсселге сапары жана андан соң кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу талкууланды.

Боррел кыргыз тарапты Европа Биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумун ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады. Батыштык инвесторлордун энергиянын табигый булактардан алуу долбоорлоруна жана туруктуу өнүгүүгө инвестиция салууга кызыкдарлыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, тоо-кен тармагындагы көйгөйлөргө тынчсыздануусун билдирди.

Казакбаев европалык эксперттерди Кыргызстан эгемендик алгандан берки экологиялык зыянды баалоо боюнча жумушчу топ түзүүгө чакырды.

Сүйлөшүүдө Урпилайнен билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы долбоорлорго түз бюджеттик колдоо көрсөтүү пландаларын билдирди.


"Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму Бишкекте 5-ноябрда өткөн. Иш-чарага Кыргызстандын президенти, Казакстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Андан сырткары Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген.

Эл аралык иш-чаранын алкагында ишкерлердин бизнес-форуму да уюштурулган. Анын алкагында чакан ГЭСтер, айыл чарба, билим берүү жана жашыл экономика боюнча алты келишимге кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG