Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:55

Башкы прокуратурынын астында нааразычылык акциясы өтүүдө


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратуранын астына бир нече жаран ар кандай талап менен нааразылык акциясына чыкты.

Алар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кабыл алуусун талап кылууда.

Нааразылык акциясына чыккандар арасында прокуратура кызматкерлерин алдамчылыкка айыптагандар, соттон акыйкаттык издегендер, иши бир канча жылдан бери созулуп келаткандар, насыя алып үйүн алдырып жибергендер дагы бар.

“Президент 20-ноябрда таза иштебеген прокуратура кызматкерлери жазаланат, арызданган жарандарды кабыл алгыла деген талап койгон. Ошол талапты угуп, бир канча жылдан бери иши каралбай келген жарандар акцияга чыктык”, - деди акциянын катышуучуларынын бири.

Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, 2-декабрдан тартып жаңы кодекстер ишке кирерин, ар бир ишти кароонун чектелүү мөөнөтү болорун, мурдагыдай айлап-жылдап ишти созууга бөгөт коюлганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG