Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

СOVID-19: эмдөөдөн өтпөгөн эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2729 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 69 адамдан табылды.

  • Бишкек - 30;
  • Ош шаары - 2;
  • Чүй - 19;
  • Ош облусу - 3;
  • Талас облусу - 3;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Баткен облусу - 4 кишиден вирус расмий аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

Азыр ооруканада 458 бейтап жатат, дагы 633 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада эмдөөдөн 11538 адам өттү, алардын 5353 биринчи дозаны, 6185 адам экинчи дозаны алган.

Жалпы 1 076 817 адам вакцинанын биринчи дозасын алды, 858 216 адам экинчи дозаны алган.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG